Чуу түшүргөн казино мыйзамы кайра ачык карала турган болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖогорку Кеңеш. Архив
Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2022
Жазылуу
25 мүнөттөн кийин кайра ЖМК өкүлдөрүнө жыйынга катышууга уруксат берилди.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Казина ачууга уруксат берген мыйзам долбоору кайра ачык карала турган болду.
Бүгүн жыйын соңунда президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов маселени жабык эшик артында карап берүүнү суранган. Сунушту вице-спикер Улан Примов дароо добушка коюп, 40 депутат "макул", үчөө "каршы" добуш берди. Мындан улам журналисттер залдан чыгарылган.
25 мүнөттөн кийин кайра ЖМК өкүлдөрүнө жыйынга катышууга уруксат берилди.
Депутаттар талашып-тартышып отуруп, кайрадан добушка коюп, ачык өткөрүү чечими кабыл алынганы айтылды.
Казино. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2022
Казино ача тургандарга коюлчу талаптар. Түшүндүрмө
Жаңылыктар түрмөгү
0