Уулуна комуз үйрөткөн Эстебес Турсуналиев. Төкмө акындын таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
© Sputnik /Георгий Зельма
Белгилүү төкмө акын, КРдин эл артисти Эстебес Турсуналиев менен колуна комуз кармап отурган уулу Нурландын сүрөтү 1977-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.
Ал жылдары чыгармачыл инсан Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда иштеп жүргөн. Залкардын жубайы Рая Деркенбаева ал мезгилди мындайча эскерет:
"Жолдошумдун жанында комуз кармап отурган эң кичүү уулубуз Нурлан. Азыр ал 50 жашка чыгып калды. Биз ага аспаптарды черткенди үйрөтүп, музыкалык мектепке бергенбиз. Кичинесинде ырдап жүрдү, бирок жөндөмү жок болгондуктан кийин таштап койду. Негизи уул-кыздарыбыз маданият тармагына аралашты, чоң уулум телевидениеде көп жыл режиссер болуп иштеди. Андан кийинки балам композиторлук менен кетип бир топ обондорду жаратты. Үчүнчү балабыз филармонияда иштеди. Бирок атасындай комуз чертип, акын болушкан жок. Ал эми неберелердин арасында аткаруучулук менен кеткендер бар. Эстебес менен 46 жыл бирге түтүн булатып, гастролдоп концерт коюп жүрүп, сегиз баланы жакшы эле чоңойттук. Экөөбүз тең жумшак болгондуктан уул-кыздарды урушпай, кагып-силкпей эле төрт бөлмөлүү батирде өстүрдүк", — деди Деркенбаева.
Рая Деркенбаева да узак жыл филармонияда солист болуп эмгектенген. Жубайлар алты уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн.
Тема боюнча:
Болот Миңжылкыев менен Рейна Чокоева. Кыргызга сыймык жубайлардын таберик сүрөтү
Чыңгыз хандын "аялы" менен "күңү". Чуңкурчактагы таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0