Өкмөт казино иштетүүдөн бюджетке канча акча түшөрүн айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековСом жана доллар купюралары. Архив
Сом жана доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2022
Жазылуу
Мыйзам күчүнө кирсе, өлкөдө жалпы 96 оюн столу коюлган тогуз казино ачылары болжолдонууда.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Казино иштетүүдөн бюджетке жылына 2 миллиард сомго чейин каражат түшөт. Бул туурасында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси Улан Сарбанов билдирди.
Ал бүгүн азарттык оюн-зоокторго уруксат берүү мыйзам долбоорун алып келип, министрлер кабинетинин атынан баяндама жасады.
Сарбановдун айтымында, салыктык ставкалар жыл сайын кошулуп турат. Ага ылайык, бюджетке 2022-жылы 1,17 миллиард, 2023-жылы 1,6 миллиард, 2024-жылы 2,1 миллиард сом түшөрү болжолдонууда.
"2011-жылы (азарттык оюндарга тыюу салынганга чейин — ред.) өлкөдө тогуз казино, анын ичинде 96 оюн столу болгон. Азыркы эсептөөлөр ошого карап чыгарылып жатат. Эгер жакшы иштеп кетсе, мындан дагы көп түшүшү мүмкүн, болбой калса азаят", — деди Сарбанов.
Ошондой эле ал кумарканалар чет элдиктер үчүн гана иштей турганын, кыргыз жарандарынын кирип көрүшүнө да тыюу салынарын кошумчалады.
Казино. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2022
Жапаров: биздин жарандар казиного кире албасына мамлекет кепилдик берет
Жаңылыктар түрмөгү
0