Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Халил Ибрагим: киберкылмыштуулук менен күрөшкөн call-борбор иштей баштады

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Кыргыз интернет коому" фондунун координатору Халил Ибрагим
Кыргыз интернет коому фондунун координатору Халил Ибрагим - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2022
Жазылуу
"Кыргыз интернет коому" (ISOC) коомдук бирикмесинин "Tech4Society" долбоорунун техникалык адиси Халил Ибрагим Кыргызстанда жарандык секторго байланыштуу киберкылмыштуулук менен күрөшкөн борбор иштей баштаганын айтты.
Акыркы жылдары санариптештирүүнүн алкагында киберкылмыштуулуктун саны өстү. Расмий маалыматтарга ылайык, орточо эсеп менен күн сайын 20га жакын кыргызстандык сайттар киберчабуулдарга кабылат. Маалыматтын жана тармактык адистердин жетишсиздиги киберкылмыштуулуктун өсүшүнө жана жеке маалыматтардын жоголушуна алып келүүдө. Бул тууралуу Халил Ибрагим Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Халил Ибрагим: киберкылмыштуулук менен күрөшкөн call-борбор иштей баштады
Анын айтымында, call-борбор кыргыз жана орус тилдеринде 24 саат бою киберкоопсуздук боюнча жардам көрсөтөт.
"КРдин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Киберкоопсуздук боюнча координациялык борбордун ишке кириши менен дээрлик бардык мамлекеттик органдар техникалык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ошол эле учурда жарандык коом хакердик чабуулга кабылып, киберинциденттер болгон учурда, жеке баракчалары бузулганда аларга жардам берген эч ким жок. Буга байланыштуу "Кыргыз интернет коому" бирикмеси санариптик коопсуздук маселелери боюнча активисттерди, журналисттерди жана жарандык секторду колдоо максатында "Tech4Society" долбоорун баштады. Долбоор алкагында кыргыз жана орус тилдеринде 24 саат бою техникалык жардам көрсөтүү боюнча call-борбору иштеп жатат. Call-борбору колдонуучулардын маалыматтын купуялуулугу, компьютердик коопсуздук жана киберкылмыштуулук маселелери боюнча жооп беришет. Долбоордун алкагында активдүү коомчулуктун коопсуздук инструменттери тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу максатында кибергигиена боюнча окутуулар өткөрүлөт. Бул иш-чаралар журналисттердин, активисттердин, жарандык сектор уюмдарынын жана чакан бизнестин өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүндө кибертуруктуулукту жогорулатууга жардам берет", — деди Халил Ибрагим.
Ал чалуу борбору менен Signal колдонмосу аркылуу +996 501 551 029 же Tech4Society@protonmail.com электрондук почтасы аркылуу байланышса болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0