Путин АКШнын постсоветтик аймактагы биолабораторияларынын максатын айтты

© Фото / POOL / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Москвада өткөн саммит учурунда
Россия президенти Владимир Путин Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Москвада өткөн саммит учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2022
Жазылуу
Саммит Армениянын төрагалыгы алдында өттү.
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. АКШнын постсоветтик мейкиндиктеги биолабораторияларынын максаты — биологиялык материал чогултуу жана вирус жайылтуунун өзгөчөлүгүн талдап үйрөнүү. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Москвада өткөн саммитинде билдирди.
Ал Россия АКШнын аскерий-биологиялык активдүүлүгү боюнча эбактан бери эле коңгуроо кагып келгенин белгилеген.
"Биздин жалпы аймакта Пентагон тарабынан атайылаштырылган ондогон биолаборатория жана борборлор түзүлүп келген. Алар ошол мамлекеттердин элине медициналык жардам көрсөткөнү жок. Негизги милдети — биологиялык материал чогултуп, өз максатында пайдалануу үчүн вирус менен кооптуу оорулардын жайылуу өзгөчөлүгүн талдап үйрөнүү", — деди Путин.
Эскерте кетсек, ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Россия мүчө. Быйыл Армения төрагалык милдетти аткарууда.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2022
Токаев Афганистан тараптагы коркунучтарга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0