Ошто 17 жаштагы кыз изделүүдө. Сүрөт

© Фото / пресс-служба УВД Ошской областиИзделип жаткан Зарина Авазбек кызы
Изделип жаткан Зарина Авазбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2022
Жазылуу
Ал 29-апрелде Алай районуна караштуу Гүлчө айылынан чыгып кеткен боюнча дайынсыз.
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Ош облусунда Кара-Суу районунун 17 жаштагы тургуну Зарина Авазбек кызы изделип жатканын Ош ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, ал ушул жылдын 29-апрелинде болжол менен саат 15:30да Алай районуна караштуу Гүлчө айылынан чыгып кеткен боюнча дайынсыз.
Белгилери: бою 155-160 сантиметр, арык чырай. Чачы, көзү, кашы кара.
Зарина Авазбек кызы кызыл футболка, кара шым, ак бут кийим кийип жүргөн.
Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү кызды көрүп же жүргөн жерин аныктап калса (03234) 5-14-72, 0558 82-48-80, 0704 89-30-34 номерлерине кайрылса болот.
Кыз курчак менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2022
Бишкекте жоголгон 7 жаштагы Диана табылды
Жаңылыктар түрмөгү
0