Бийлик: тамеки менен арак арзан болгондуктан элдин саламаттыгы начарлап жатат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүДүкөндөгү арак сатуу. Архив
Дүкөндөгү арак сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2022
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун божомолу боюнча, спирт ичимдиктери менен тамекинин баасы 15 пайызга жогоруласа, аларды керектөөнүн көлөмү 22 пайызга кыскарат.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктер менен чылымдын баасы аябай арзан болгондуктан калктын саламаттыгы начарлап жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирген.
Өкмөттүн маалымат кызматы Байсалов ден соолук үчүн салык салуу потенциалын жогорулатуу боюнча семинарга катышканын кабарлады.
Анда Кыргызстанда өлүмдүн негизги себептери болуп жүрөктүн ишемиялык оорусу, инсульт, цирроз жана өпкө оорулары экендиги белгиленген. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында мындай дарттар чылым чегүү, спирт ичимдиктерин жана туз колдонуудан, аз кыймыл, ашыкча салмак, туура эмес тамактануудан келип чыгат.
Байсалов Кыргызстанда спирт ичимдиги менен чылымдын баасы өтө арзан экенин айткан.
"Бир бөтөлкө арак бир бөтөлкө газдалган суусундуктан арзан болушу мүмкүн эмес. Бул калктын саламаттыгынын начарлашына гана алып келбестен, экономиканын өнүгүшүнө олуттуу тоскоол болуп жатат", — деген ал.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун божомолу боюнча, спирт ичимдиктери менен тамекинин баасы 15 пайызга жогоруласа, аларды керектөөнүн көлөмү 22 пайызга кыскарат. Аны менен катар кошумча 52 миллион доллар акциздик салыктан түшөт.
"Ошондуктан адам ден соолугу үчүн салык салуу жугуштуу эмес ооруларды азайтуунун эффективдүү чарасы гана эмес, экономикалык жактан да үнөмдүү боло алат", — деп айтылат маалыматта.
Семинардын жыйынтыгында ден соолук үчүн салык салуу тармагындагы потенциалды жогорулатуу боюнча теориялык жана практикалык сунуштар иштелип чыгары кошумчаланды.
Күзгү менен кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2022
Жаштарга эмнеге бырыш түшүп кетет? Косметологдун түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0