Путин: Батыштын башаламан чечимдерин Россиянын пайдасына буруу керек

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМунай станогу. Архив
Мунай станогу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2022
Жазылуу
Россия лидери мунай тармагын өнүктүрүү боюнча жыйында сөз сүйлөгөн.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Россиянын бийлиги алды жакты көрө билип, эрте кадам таштап, Батыштын башаламан чечимдерин өз пайдасына колдонушу керек. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путиндин айтымына таянып РИА Новости жазды.
Россия лидери мунай тармагын өнүктүрүү боюнча жыйында сөз сүйлөгөн.
"Батышта жакынкы арада кандай кадамдар жасала турганын билип, эртерээк чечим кабыл алып, активдүү иш алып барышыбыз зарыл. Айрым өнөктөштөрдүн ойлонулбаган, башаламан кадамдарын өзүбүздүн пайдабызга бурушубуз керек", — деген Путин.
Ошол эле учурда Путин ал жактагылар дайыма эле ката кетирет деп күтпөш керектигин белгилеген.
Ал азыр Батыш өлкөлөрүнүн башаламан иш-аракеттеринин жыйынтыгы Европа экономикасына зыян алып келгенден тышкары Россиянын мунай-газ секторунун кирешесин өстүрүп жатканын айткан.
Путиндин айтымында, жаңы шарттарда мунайды алып эле койбостон акыркы колдонуучуга чейин чынжырды түзүп чыгуу керек. Ал компаниялардын бизнес-моделинин мындай өзгөрүүсүнө шарт түзүү үчүн мамлекет мурдагыдай эле бардык жардамды берерин кошумчалаган.
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Европада баалар санкциядан соң өсүп, бирок күнөөлүүнү чет жактан издешүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0