Ошто мас болуп чыр салган милиционер кармалып, кызматынан алынды. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиционер. Архив
Милиционер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022
Жазылуу
Буга чейин интернетте милициянын формасын кийген мас эркек кишинин видеосу тараган.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Ош шаарында мас болуп чыр салган милиционер кармалып, кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Ош ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин интернетте милициянын формасын кийген, ичип алган эркек кишинин видеосу тараган. Квас саткан жерде баса албай турган милиционер бир маалда автоунаанын жанындагы кишилерге барып, алар менен чырдашкан. Кийинчерээк ошол эле тартип коргоочунун үйдүн ичинде башка кишилер менен урушуп жатканын көрүүгө болот. Ал нөөмөт бөлүмүндө иштей турганын айткан. Окуя болгон жерге Кайгуул милициянын кызматкерлери барып, чыр салып жаткан адамды алып кетишкен.
Ош ШИИБ милиция кызматкери мас болгонун айтып, 18-май күнү ички иштер органдарынын кадыр-баркына доо кетирип, кызматтык жана коомдук тартипти бузгандыгы үчүн жумушунан алынганын маалымдады.
Иликтөө иштеринин жыйынтыгында, кызматтан кеткен милиционер 17-май күнү эртең менен жумушу бүтүп, нөөмөт бөлүмүнөн чыккандан соң спирт ичимдигин ичип алганы аныкталган.
Отставкадагы судья, адвокат, Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык бейтарап сотунун арбитри Калыгул Салиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2022
Радио
Салиев: кызматкердин мас болуп жумушка келгени иштен бошотууга негиз болот
Жаңылыктар түрмөгү
0