Парламентте педофилдерди бычып салуу демилгеси көтөрүлдү

© Sputnik / Жоомарт УраимовКиши менен кыз Иллюстративдик сүрөт
Киши менен кыз Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022
Жазылуу
Депутат Казакстанда иштеп жаткандай мыйзамды Кыргызстанга да киргизүү керектигин айтты.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Парламент жашы жете элек балдарга сексуалдык зомбулук жасагандарга жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Дастан Бекешев педофилдерди химиялык жол менен бычып салууну сунуштады.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Дастан Бекешев
Депутат Дастан Бекешев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022

"Жашы жете элек кыздарды зордуктагандарды химиялык жол менен бычып салышыбыз керек. Казакстан ушундай мыйзам киргизди. Биз дагы кабыл алсак туура болмок. Кээ бири түрмөдөн эмес, бычылып калуудан коркот", — деди Бекешев.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Марлен Маматалиев сунушту экинчи окууга киргизүүгө болорун билдирди.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Жогорку Кенеша Марлен Маматалиев
Депутат Жогорку Кенеша Марлен Маматалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022

"Негизи буларга (педофилдерге) өлүм жазасын берген туура болот эле. Тилекке каршы, бизде Конституцияда мындай норма жок. Керек болсо химиялык жол менен эмес, жөн эле бычып койсо деле жарашат. Экинчи окууда сунушуңузду берсеңиз. Өкмөт менен келише алсак, механизмин иштеп чыгалы", — деди депутат.

Бекешев да анын пикирин колдоп экинчи окууга чейин Башкы прокуратура менен да кеңешип, иштеп чыгууга макулдашты.
Кишенделген жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Бычып салуу. Жакынкы чет өлкөлөрдө педофилдер кандай жазаланат
Жаңылыктар түрмөгү
0