Күтүүсүз каршылык. НАТОго мүчө болом дегендерди кимдин кыртышы сүйбөй турат?

© AP Photo / JOHANNA GERONНАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг
НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2022
Жазылуу
Финляндия менен Швеция шаршемби күнү Түндүк атлантикалык альянска кирүү чечимин кабыл алышканын маалымдашты. Элчилер НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергге аталган мамлекеттердин арызын тапшырышты. Бирок Түркия буга каршы.
Скандинавдарды Чыгыш Европанын айрым мамлекеттери да колдогон жок. Оппоненттер аларга кандай талаптарды койду? Сүйлөшүүлөрдү токтото алышабы? Ушул өңдүү соболдорго Дмитрий Ермаков жооп издеген. Серепчинин макаласы РИА Новости сайтына жарыяланды.

"Терроризм инкубатору"

Хельсинки менен Стокгольм НАТОго мүчө болуу ниетин расмий арыз тапшырардан бир апта мурун жар салышкан. Режеп Тайип Эрдоган ошондо эле каршылыгын билдирген. Ал кишини скандинав өлкөлөрүндө Күрдстан жумушчу партиясынын көптөгөн өкүлдөрү отурукташканы кыжырдантат. Түркия, Европа биримдиги жана Америка Кошмо Штаттары аталган саясий уюмду террордук топ деп эсептейт.
Адегенде, тагыраагы, 13-майда Эрдоган чечимдин кабыл алынышына вето коёрун тек гана кыйыткан. "Биз буга макул боло албайбыз. Скандинавия өлкөлөрү — террордук уюмдар үчүн конок үй", — деген ал.
НАТОго жаңы мүчө кабыл алуу үчүн Түндүк атлантикалык альянстын бардык отуз мүчөсүнүн макулдугу керек. Ошол себептен блоктун каалаган мүчөсү катарды кеңейтүү чечимине каршы чыга алат. Эртеси күнү Түркия кетенчиктегендей болду. Президенттин тышкы саясат боюнча улук кеңешчиси Ибрагим Калын өлкө муну так кесе айтпаганын билдирип, альянстын потенциалдуу катышуучуларын сүйлөшүүгө чакырарын айткан.
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Берлинде швециялык жана финляндиялык кесиптештери менен кезиккен. Алакалар жакшырчудай эле көрүнгөн. Швеция Анкарага куугунтукталгандарды жөнөтүп, тил табышууга ниетин билдирген. Бирок Эрдоган күтүүсүздөн: "Түркияга каршы санкция киргизгендердин мүчө болушуна макулдук бере албайбыз. НАТО — бул коопсуздук боюнча уюм. Финляндия менен Швециядан келчүлөр сапар тартып убара болушпасын", – дебеспи. Мамлекет башчынын айтымында, скандинавиялыктар Күрдстан жумушчу партиясына тиешеси бар шектүүлөрдү экстрадициялоодон баш тарткан. Ал түгүл аталган партиянын тарапташтары Швециянын парламентинен орун алган.
Түркиялык маалымат каражаттарына таянсак, альянска мүчө болууга белсенген тараптар Анкарага Күрдстан жумушчу партиясынын жана "Хизмет" (FETO) кыймылынын отуздан ашуун өкүлүн өткөрүп берүүдөн баш тарткан. "Хизметтин" жетекчиси — Түркия 2016-жылдагы ишке ашпай калган төңкөрүштүн уюштуруучусу деп атаган жазуучу жана аалым Фетхуллах Гюлен. Эрдоган аны жеке душман санаганын айтканы бар.
"Швеция — террордук уюмдардын инкубатору", — деп белгилейт Түркия президенти. Анткен менен Анкара мүчөлүк маселесин кескин түрдө чекит койбостон соодалашчудай.
Bloomberg агенттигине жогорку кызматтагы үч түркиялык аткаминер ысымдарын атабоо шарты менен мамлекет альянстын кадамдарына жараша аракет этиши мүмкүн экенин билдиришкен. Атап айтканда, Түркияга курал экспорттоого тыюу салууну токтотуу, россиялык "Триумф" зениттик ракеталык комплексин сатып алууга салынган санкцияны жоюу талаптары коюлганы айтылат.
Түркиялык Sabah гезити республика ТИМи жакын арада Финляндия менен Швецияга он шарттан турган манифест тапшырарын кабарлады. Алардын баары Күрдстан жумушчу партиясына тиешелүү экени, бирок арасында резиденттерди Анкарага тапшыруу талабы жоктугун белгилешет. Канткен күндө ал тизмени азырынча эч ким жарыялай элек.
Россиялык сенатор Алексей Пушков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2022
Сенатор Пушков: Батыш өткөн күн менен жашаганын койбоду, азыр реалдуулук башка

Стокгольмдогу жагдайлар

Түркия мамлекет башчысынын сөзүнө жооп катары күрт мигранттар Стокгольмдо көчөгө чыгып, Күрдстан жумушчу партиясынын олчойгон желегин илип, түтүн чыгаруучу шашкаларды күйгүзүштү. Аталган элдин өкүлдөрү Швецияда көп — жүз миңдин тегерегинде (Финляндияда — он эсеге аз). Ал эми парламентте чындап эле Күрдстан жумушчу партиясын колдогон бир депутат айым бар. Ирандык Амина Какабаве жаш кезинде Иран Ислам Республикасы террордук деп тааныган "Комала" тобунун мүчөү болгон. Азыр Какабаве күрддөрдүн партияларына расмий түрдө мүчө эмес, бирок Күрдстан жумушчу партиясы жана өзүнүн пикирлештерин Швецияда террордук уюм деген тизмеден чыгарууну каалайт.
Социал-демократтар өздөрүнүн сайтында мында чакырык менен документ жарыялашкан. Ошону менен бирге эле сайттагы билдирүүдө Күрдстандын көз карандылыгын таануу керектиги жөнүндө да айтылат.
Швециялык жогорку кызматтагы аткаминерлердин бири да Financial Times басылмасына: өлкөдө "мурдагы чыйыры күрддөр менен байланышкан" башка депутаттар да арбын экенин маалымдаган. Ошондой эле Стокгольмдо айланасына түркиялык диссиденттерди топтогон "Стокгольм эркиндик борбору" (SCF) жана "Мониторинг боюнча түндүк изилдөө түйүнү" (NRMN) уюмдарынын штаб-квартиралары жайгашкан. Ошол эле учурда швециялык саясатчылар арасында Эрдоганды жактагандар да жок эмес.
Сентябрда өлкөдө парламенттик шайлоо өтүп, ага "Нюанс" исламисттик партиясы да аттанат. Анын лидери — түрк тектүү Микаил Йүксел. Аны ультра оңчул "Бозкурттар" менен байланыштырышат. Булар 1970-жылдары Түркиядагы жүздөгөн киши өлтүрүүлөрдү уюштурганы айтылат. 2016-жылкы козголоңдон соң "Бозкурттар" унуткарыла түшкөндөй болгон. Ал тургай көптөгөн түркиялык саясатчылар пантүркчүл көз караштарын жашырышпай деле калышты. Мындан тышкары, Микаил Йүксел Швецияда Күрдстан жумушчу партиясынын өкүлдөрү менен бир нече ирет тирешкен учурлары болгон. Байкоочулар "Нюанс" аркылуу Анкара Европада, анын ичинде мурдагы Югославиянын аймагында өз кызыкчылыгына жетүүнү көздөй турганын баамдашат.
Швецияда Босния жана Герцеговина, Косово жана Албаниядан чыккан дээрлик 100 миң чакты киши жашайт. Микаил Йүкселдин партиясы Босния жана Герцеговинаны, ошондой эле Түркиянын өзүн да Европа биримдигине кабыл алууну талап кылып келет.
НАТОнун аскердик машыгууларында жоокерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2022
АКШлык эксперт НАТОнун РФ чек арасына курал жөнөтүүсүн чекилик деп атады

Балкан ветосу

Балкан маселесин скандинав өлкөлөрүнүн НАТОго кошулушуна каршы болгон башка мүчөлөр да көтөрдү. Хорватия президенти Зоран Миланович эгер талкуу альянстын июнь айындагы саммитине катыша турган болсо, вето коёрун айтып опузалады. Милановичтин пикиринде, Босния жана Герцеговинадагы шайлоо жөнүндөгү мыйзамдар өлкөдөгү хорваттарга жетиштүү укук бербейт. Бул үчүн ал "америкалыктарды, англичан жана немецтерди айыптайт".
Миланович Россия менен тирештин ырбаганын да сынга алды. Финляндиянын альянска киришин президент "опурталдуу шылуундук" деп атап, өлкө Санкт-Петербургдан 50 чакырым аралыкта (чындыгында — 300 чакырым ыраак). "НАТОго кошулса кошула беришсин, жаалданган аюунун ого бетер кыжырына тийишсин", — деди ал.
Лидердин бул сөздөрү Хорватияда жаңжалга себеп болду. Премьер-министр Андрей Пленкович президентти манипулятор, вандал жана россиячыл көз карашта деп сыпаттады. Натыйжада өкмөт Милановичтен кол үздү. Хорватия — парламенттик республика, ошондуктан президент тышкы саясатка ортомчу гана таасирге ээ. Бирок Зоран Миланович ушул маселе боюнча альянстын кеңешине катышып калса, НАТОго жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу жөнүндөгү чечимге чындап эле каршы чыга алат. Регламент боюнча кеңеш элчилер деңгээлинде да өтүп, ошондой эле мамлекет башчылары да чогула алат.
Түштүк жана Чыгыш Европанын башка өлкөлөрүндө да НАТОнун украиналык жаңжалга аралашканынан нааразы болгондор бар. Грецияда Киевди курал менен камсыздоого, өлкөдөгү Кошмо Штаттар жана НАТОнун аскердик базаларына каршы митинг өттү. TrainOSE темир жол компаниясынын кызматкерлери грециялык порттордо оор куралдарды ташууга катуу каршылык көрсөтүштү.
Ушундай эле митинг Болгарияда да болду. "Кайра жаралуу" консервативдик партиясынын лидери Костадин Костадинов өкмөттү дал ушул маселеден улам отставкага кетирүүгө үндөдү.

Баа маселеси

Бул болгону жарандардын маанайынын бир бөлүгү гана. Ал эми жогорку деңгээлде НАТОго скандинав мамлекеттерин кабыл алуу боюнча лидерлерден Эрдоган менен Милановичтен башка эч ким деле үн катпады.
Финляндия президенти Саули Ниинисте Yle телеканалына өлкөнүн уюмга киришине Түркиянын бөгөт болууга умтулганына анчейин ишенбестигин билдирди. Ал эми НАТОнун башкы катчысы Столтенберг элчилерди кабыл алуу салтанатында: "Альянс Финляндия менен Швецияны кабыл алууга ыкчам кадамдар жасаларына үмүт артат", — деди.
Россия президенти Владимир Путин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммитинде эки өлкөнүн НАТОго кириши Москвага коркунуч жаратпай турганын белгилеген. Бирок анын айтымында, альянстын аскердик инфраструктурасынын кеңейишине Россия жооп бербей койбойт.
Саясат таануучулар бул позицияны Анкарадагылар эске алып жатышы мүмкүн экенин боолголошот. Ал жактагылар Россия негизги оюнчулардан болгон Кара деңиз жана Закавказьедеги коопсуз сооданын маанисин аңдап билишет.
"Бул кандайдыр бир деңгээлде Москва менен мамилени курчуткусу келбегенинен да кабар берет", — деп эсептейт Россия илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун улук илимий кызматкери Виктор Надеин-Раевский. Бирок ал эл аралык талаада дайым Түркия көп нерсени көздөп келерин белгиледи. "Минченко консалтинг" коммуникациялык холдингинин президенти Евгений Минченко да ушундай эле көз карашта.
Анкара менен жаңы мүчө болчулардын ортосундагы дипломатиялык кырдаалды ал түркиялык базарга салыштырды. "Сатуучунун сүйлөшүүлөр үчүн көп позициялары бар, бир нерсени соодалашып калуу үчүн ага ыңгайлуу учурду элестетели. Товардын баасы жана тандамы өзгөрүшү мүмкүн, бирок эки тарап тең келишим түзгүсү келсе, акыры алар тил табышат", — деп жоромолдойт саясат таануучу.
Эксперттин айтымында, келерки жылы өтө турган шайлоо алдында Эрдоган өз беделине да кам көрүүдө. Декабрда кескин түшүп кеткен рейтингин ал жазында бир аз жогорулата алган. MetroPol компаниясы жүргүзгөн изилдөөгө ылайык азыркы түркиялык лидердин рейтинги былтыр 39 пайызга түшүп кетсе, сурамжылоого катышкандардын 43 пайызы азыр аны колдойт. Көп өсүш жок, ошондуктан Түркия президенти азыр тышкы саясий аренада олуттуу ийгиликтерге суусап турган чагы.
Түркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2022
Бейтарап өлкөлөрдүн НАТОго мүчө болуу көксөөсү. Түркия тоскоол боло алабы?
Жаңылыктар түрмөгү
0