Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Азовсталдын" аймагын толук бошотушту. Акыркы согушкерлер чыгып жаткан видео

© Фото / Пресс-служба Минобороны РФ / Медиабанкка өтүүМариуполдогу "Азовсталь" комбинатынан чыккан согушкерлер. Архивдик сүрөт
Мариуполдогу Азовсталь комбинатынан чыккан согушкерлер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Жазылуу
"Азовсталь" металлургиялык комбинатынын ичинде украиналык "Азов" тобунун согушкерлери 21-апрелден бери отурушкан.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Мариуполдогу "Азовсталь" комбинаты согушкерлерден толугу менен тазаланды. Бул тууралуу РФ коргоо министри Сергей Шойгу Россия президенти Владимир Путинге маалымат бергендигин РИА Новости аталган министрликтин расмий өкүлү Игорь Конашенковго шилтеме кылып жазды.

"21-апрелден бери "Азов"* нацисттик тобунун камалып калган согушкерлери "Азовсталь" металлургиялык комбинатынын аймагынан толугу менен тазаланып, бошотулду", — деген Конашенков.

Коргоо министринин жетекчиси Путинге Мариуполдун украин согушкерлеринин толугу менен бошотулгандыгын маалымдады. Комбинаттын жер алдындагы курулуштары да россиялык аскерлердин колуна өткөн.
Министрликтен 16-майдан тарта операциянын жүрүшүндө тосулуп, заводдун аймагында калып калгандардан, тагыраагы, Украина тараптын күчтөрүнөн 2 439 киши колго түшкөнүн маалымдады.
Кечээ эң соңкулары чыгып, 531 согушкер туткунга түшүп берген.
Ведомстводон "Азовдун" командиринин коопсуздугун карашып, анын бир топ жырткычтык иштери үчүн жергиликтүү тургундардын жазалоосуна кабылтпоо максатында аталган жерден сооттолгон транспорт менен алып чыгышканын айтты.
Коргоо министрлиги "Азовсталь" заводунан акыркылардан болуп чыгып жаткан согушкерлердин видеосун да жарыялады. Роликтен алардын россиялык аскерлерге текшертүү үчүн жеке буюмдарын берип жатканын көрүүгө болот.
* "Азов" — РФте ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюм
Аялдар, тапанчасын тапшыргандар... Азовсталдагы багынган согушкерлердин видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Аялдар, тапанчасын тапшыргандар... "Азовсталдагы" багынган согушкерлердин видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0