Какаган баланы далыга туура чабыш керек. Хирургдун сабак болчу видеосу

Жазылуу
Бала тамак-ашка какаганда же кандайдыр бир затты жутуп алганда эмне кылуу керек? Кайсы учурда артка чапкылап жардам берүүгө болот? Ыкмаларын Sputnik Кыргызстан агенттигине балдар хирургу Каныбек Молдоисаев көрсөтүп берди.
Ал Бишкектеги Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын көкүрөк хирургиясы бөлүмүнүнүн башчысы. Дал ушул бөлүмгө бөтөн заттарды оозго салып жутуп алган кичинекей бейтаптар түшөт.
Адистин айтымында, жаз-жай мезгилинде балдар ар кандай чөптөрдү жутуп алат. Күз мезгилинде мектеп башталганда ручканын капкагына какагандар көп кездешет. Ошондой эле кичинекейлер тыйын, ийне, батарея, жер жаңгак, буурчак, жадагалса нанга какашат.
Молдоисаев бала ооруканага жеткенге чейин өз алдынча кантип жардам берсе болорун көрсөтүп берди. Аны адатта көбү туура эмес жасай турганын белгиледи.
Ал дарыгерлерге жеткирилген балдардын көбү аман каларын, убагында жардам албай калгандар үйүндө же ооруканага жетпей көз жума турганын айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0