Айыл чарбасы үчүн жеңилдетилген кредитти жыл башынан бери канча дыйкан алды

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүТалаа иштери. Архив
Талаа иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2022
Жазылуу
"Айыл чарбасын каржылоо — 10" долбооруна 26 миллиард сом бөлүнгөн. Ишкер, фермерлерге бул насыя 6 пайыздык үстөк менен берилет.
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. "Айыл чарбасын каржылоо – 10" долбоорунун алкагында жалпы суммасы 3 миллиард 396,5 миллион сомго 6 миң 746 насыя берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
"Анын ичинен 5 557 насыя күрөөсү менен жалпы 3 миллиард 155,1 миллион сомго, ал эми 241,4 миллион сомдук 1 189 насыя күрөөсүз берилген", — деп айтылат билдирүүдө.
Алар:
айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү багытында — күрөө коюлган шартта 868,8 миллион сом (1 840 насыя), күрөөсүз шартта 128,7 миллион сом (640 насыя);
мал чарбасын өнүктүрүүгө — күрөө менен 1 миллиард 881,6 миллион сом (3 572 насыя), күрөөсүз 112,6 миллион сом (549 насыя);
кайра иштетүү чөйрөсүн өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүү — күрөөлүк негизде 404,6 миллион сом (145 насыя).
Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасы быйыл жеңилдетилген кредит берүүчү "Айыл чарбасын каржылоо — 10" долбооруна 26 миллиард сом бөлүнгөнүн айткан. Бул багытта ишкер, фермерлерге насыя 6 пайыздык үстөк менен берилет.
Нарында Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу долбоору башталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Ар бир бүлө 1,5 миң доллар насыя ала алышат. Нарындагы долбоор
Жаңылыктар түрмөгү
0