26-27-майда Бишкек менен Чүй облусунда жолдор жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМ кызматкерлери. Архив
ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2022
Жазылуу
Жолдордун чет элдик делегациялар келген учурларда гана тосулары айтылды.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бишкек шаары менен Чүй облусунун кээ бир аймактарында 26-27-майда жолдор тосулат. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан (ЖКККББ) кабарлашты.
26-майда Бишкекте Евразиялык экономикалык форум өтөт жана Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев расмий сапары менен келет.
Жолдордун чет элдик делегациялар келген учурларда гана тосулары айтылды.
Жабыла турган жолдор:
"Манас" аэропортунан тарта Фучик көчөсү Жибек Жолу проспектине чейин;
Чүй проспекти Жаш Гвардиядан тарта Манас проспектине чейин;
Манас/Айтматов проспекти Чүй проспектинен тарта мамлекеттик резиденцияга чейин;
Чүй проспекти Манас проспектинен Абдрахманов көчөсүнө чейин;
Абдрахманов көчөсү Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейин.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттеринин 27-майдагы саммити видеоконференция форматында өткөнү менен ЖКККББдан жолдор баары бир жабылышы мүмкүндүгүн айтышты.
Аталган башкармалык айдоочуларды жол жабылган күндөрү маршрутун алдын ала пландап алышын сунуштады.
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2022
Евразия экономикалык форуму
Путин Бишкектеги экономикалык форумга онлайн-форматта катышат
Жаңылыктар түрмөгү
0