"Кумтөр голд компани" кирешесинен Нарынды өнүктүрүү фондуна акча бөлүп турат

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевКумтөрдүн кызматкери. Архив
Кумтөрдүн кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2022
Жазылуу
Кумтөр алтын кенине тышкы башкаруу 2021-жылы 17-майда киргизилген.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. "Кумтөр голд компани" ишканасына ай сайын дүң кирешенин 0,6 пайызын "Нарын облусун өнүктүрүү" фондуна төгүп туруу сунушталды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттөн билдиришти.
"Өткөн ай үчүн сом менен алынган дүң кирешенин 0,6 пайызын ай сайын Борбордук казыналыгында ачылган "Нарын облусун өнүктүрүү" фондунун атайын эсебине которуу сунушталсын. Негизги максат — облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Нарын облусунун жашоочулары менен жолугушууда "Нарын облусун өнүктүрүү" фонду түзүлүп, ага "Кумтөр голд компани" ЖАКы акча төгүп турарын айткан.
Эске салсак, 2021-жылы 17-майда Кумтөр алтын кенине тышкы башкаруу киргизилген.
Кумтөр алтын кени - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2022
Тышкы башкарууга бир жыл. Садыр Жапаров Кумтөрдү текшерте баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0