Чет жакта окууга шарты жок жаштарды колдойт. "Эл үмүтү" программасы тууралуу маек

© AP Photo / Matt RourkeБүтүрүүчүлөр калпактарын асманга ыргытып жатышат. Архив
Бүтүрүүчүлөр калпактарын асманга ыргытып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2022
Жазылуу
Садыр Жапаров чет жерде окуп жаткан жаштарга дем берүү, алардын кайтып келип өлкөгө кызмат кылуусун камсыздоо максатында "Эл үмүтү" программасы иштелип чыкканын жар салды.
Жаңы программада дүйнөнүн алдынкы 100 университетинин магистранты, докторанты болгон жаштарга атайын стипендия каралган. Саамалык мамлекетке эмне пайда алып келет жана мындай кадамдар үзгүлтүксүз ишке ашышы үчүн кандай механизмдер иштелиши керек? Бул суроолорго жооп алуу үчүн редакцияга коомдук жана мамлекеттик ишмер, мурдагы билим берүү министри, жигердүү жаштарды колдоо, алардын потенциалын мамлекетке пайдалануу жана заманбап адистерди тарбиялап чыгууга багытталган "XXI кылымдын кадрлары" программасында комиссиянын мүчөсү болгон Ишенгүл Болжурованы чакырдык.
"Эл үмүтү" программасы боюнча Садыр Жапаров социалдык тармакта билдирүү жарыялаган. Анда жазылгандай, программада дүйнөнүн алдынкы 100 университетинин биринин магистратурасы менен докторантурасына өткөн жаштар үчүн атайын стипендиялар каралган. Ал быйылтан тартып бериле баштайт. Көлөмү тандап алган университетке жараша болот. Бирок эң жогорку суммасы 50 миң АКШ долларынан ашпоого тийиш. Экономика жана гуманитардык адистиктер боюнча да тапшырууга болот, бирок артыкчылык техникалык жана инженердик багыттарга берилет. Илимдин доктору даражасы наамын алууга өзүнчө 10 стипендия бөлүнөт.
© Sputnik / Асель СыдыковаКоомдук жана мамлекеттик ишмер, мурдагы билим берүү министри Ишенгүл Болжурова
Председатель общественного совета МИД КР Ишенгуль Болжурова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2022
Коомдук жана мамлекеттик ишмер, мурдагы билим берүү министри Ишенгүл Болжурова
— Сиз билим берүү тармагында көп жыл эмгектенгенсиз. Президенттин "Эл үмүтү" программасы боюнча кандай пикирде калдыңыз?
— Жарлыктын философиясы жана багыты — экономиканы көтөрүү. Дүйнөдө инженерия, технология жаатында, космостук изилдөөлөрдө укмуш ачылыштар болууда. Муну илимий революция катары бааласак болот. Биз Кыргызстан XIX кылымда калганын, ал эми Япония өңдүү өнүккөн өлкөлөр XXII кылымга кетип жатканын айтып жатабыз. Экономиканы көтөрүү үчүн креативдүү ойлоно билген мыкты кадрлар, мамлекетти алдыга сүрөгөн топ-менеджерлер керек. Бул жерде адистик алуу үчүн окуп жаткандар эмес, дүйнөлүк 100 мыкты окуу жайдын докторантурасында, Phd жана магистратурасында адистерди окутуу тууралуу сөз жүрүүдө. Азыр креативдүү экономика деген түшүнүк бар. Алар эски маселелерди чечкенден көрө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууну көздөшөт. Жарлыктын тамыры балдар 2-3 жыл окуп келип, Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө салым кошуусуна багытталган. Дагы бир маселе, бизде чет мамлекетте окууга мүмкүнчүлүгү жок көптөгөн таланттуу, билимдүү балдар бар. Мына ушул жаштарга 50 миң долларга чейин стипендия төлөп берүү жагын карап жатышат. Стипендиянын эл аралык деп аталган себеби да анын дүйнөдөгү 100 мыкты жогорку окуу жайына багытталгандыгы менен байланыштуу. КМШ мамлекеттеринде мындай окуу жайлар жокко эсе. Россияда гана ошол жүздүккө кирген эки-үч университет бар.
Бизде азыр математика баштаган так илимдер боюнча дүйнөлүк олимпиадага катышып, мен-мен деген мамлекеттердин окуучулары менен теңтайлашып, ийгилик жаратып жаткан окуучуларыбыз көп. Ушул балдарды колдоп алууга эмнеге болбосун? Бул үчүн объективдүү комиссия иштеши керек. Буга чейин "XXI кылымдын кадрлары" деген программа кабыл алынып, анын негизинде сырттан окуп келгендердин көбү жыйынтыгында ишсиз калган. Каржы бөлүнүп жаткандан кийин эки жактуу келишим түзүлүшү керек. Анда окууга кетип жаткан бала кайра кайтып келип мамлекетке кызмат кылууга, ал эми өкмөт аны татыктуу иш менен камсыз кылууга милдеттендирилиши зарыл. Муну үстүртөн кароого болбойт. Бул президенттин кадр маселеси боюнча чыккан жарлыгына да төп келет. Мен өмүр бою сабак берип, балдар менен иштешип келем. Бизде креативдүү ойлоно билген билимдүү жаштар өтө көп.
— Стипендия 50 миң доллар болорун коомчулук да талкуулап баштады...
— Жок, ал жерде ар бир балага 50 миң доллар берилет деп түшүнбөш керек. Стипендия 50 миң долларга чейин болушу керек деп турат. Мүмкүн ал 10 миң, 20 миң же 40 миң доллар болор. Ошондой эле экономика жана инженерия тармагы приоритет болору белгиленген.
© Фото / пресс-служба МИД КРКоомдук жана мамлекеттик ишмер, мурдагы билим берүү министри Ишенгүл Болжурова
Заседание Общественного совета МИД КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2022
Коомдук жана мамлекеттик ишмер, мурдагы билим берүү министри Ишенгүл Болжурова
Билимдүү балдарды университеттерден буга чейинки жазган долбоорлоруна, эл аралык конкурстарга, олимпиадаларга катышкандарын эске алып, педагогдордун, коомчулуктун катышуусу менен ошол балдардын арасынан мыктыларын элекке салып, тандап алуу абзел. Бул балдар студенттер эмес, ЖОЖду бүтүп жаткан бакалавриаттар же магистрлар болушу мүмкүн. Алар чет мамлекетке окууга илимий даражага ээ болуу үчүн барат. "Эл үмүтү" программасын "XXI кылымдын кадрлары" программасы менен чаташтырбоо керек. Анын максаты — 1995-жылдагы өлкөнүн билим системасын кризистен чыгарууга багытталып, дүйнөлүк стандарттарга ылайык адистердин деңгээлин көтөрүү, өлкөдө эл аралык окуу жайларды ачуу маселелери коюлган. Эң башкысы — ал программа мамлекет тарабынан каржыланган эмес. Президенттин алдындагы билим берүү боюнча катчылык демөөрчү издеген. Ал эми "Эл үмүтү" программасы мамлекет тарабынан каржыланып жатат.
— Казакстанда "Болочок" деген ушул сыяктуу программа иштейт. Бирок аларда ошол окууну бүткөн жаштар кайра кайтып келбей коюшат экен. Биз да кийин мындай көйгөйгө туш болбойсузбу?
— Тушугушубуз мүмкүн. Ошол үчүн эки жактуу келишим түзүлүшү керек. "Болочок" программасы абдан бай, биздин "XXI кылымдын кадрларын" көрүп Саара Назарбаева баштаган, абдан көп акча бөлүнгөн. Аларда да кээ бир балдар кайра келгенде мамлекет жумуш таап бербей, кадр коррупциясы көйгөйүнө кабылган. Ошол себептен окуган балдардын айрымдары кайра мекенине кайтпай койсо керек. Бирок Нурсултан Назарбаевдин администрациясында "Болочок" программасынын негизинде чет мамлекетте окуп келген балдар иштеген.
© Sputnik / Асель СыдыковаКоомдук жана мамлекеттик ишмер, мурдагы билим берүү министри Ишенгүл Болжурова
Председатель общественного совета МИД КР Ишенгуль Болжурова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2022
Коомдук жана мамлекеттик ишмер, мурдагы билим берүү министри Ишенгүл Болжурова
— Буга чейин президент интервьюсунда Кыргызстанда таза кадр табуу кыйын болуп калганын жана көбүнүн коррупциялык илинчеги бар экенин айтканы бар. Өлкөдө кадр жагынан абал ошончолук оорбу?
— Мага бир министр мурунку чакырылыштын депутаттары "тигини ишке ал, муну ал" деп келе берерин айтып даттанды эле. "Билим берүү системасында бир күн да иштебесе аны кантип алам" десе, "үйрөтүп аласың" дешчү экен. Ушундайлар да болуп жатат. "Жогорку Кеңешке диплому жок эле шайланып келүүгө болот" деген таризде сөз айтылып, бир катарлар уят болушту. Бул дипломдун кадыры кеткендигинен кабар берет. Кыйын, билимдүү жаштар толтура, бирок мекен үчүн күйүп-жанган, коррупцияга аралашпай иштеп берейин дегендер өтө аз. Ошондуктан президент эмоция менен айтса керек. Өлкөдө 20 же 50 топ-менеджер болсо, мамлекетти көтөрүп кетет. Мен буга тарыхты, көп өлкөнүн басып өткөн жолун карап отуруп ынандым. 1917-жылы революция болгондо Лениндин жанында 20 эле киши болгон. Булар согушка чейин Советтер Союзун көтөрүп коюшту. Түркияны оңдогон Мустафа Кемал Ататүрктүн жанында деле көп киши болгон эмес. Бизде деле өтө таланттуу жаштар көп. Алар бир кезде өлкөнүн өнүгүшүн колго аларына ишенем.
— Тандап алуу комиссиясы кандай түзүлүшү керек?
— Комиссияга коомчулуктан, бейөкмөт уюмдардан да кириши керек. Алардын жеке кызыкчылыгы да текшерилсин. Тандап алуу жоболору да объективдүү болушу шарт. Аны министр Алмазбек Бейшеналиев иштеп чыгат деп ойлойм. Алгач университеттин мыкты бүтүрүүчүлөрүнөн уютку түзүү зарыл. Ар бирөөнө портфолио түзүлүшү керек. Коомдук иштерде ыктыярчы болуп иштегени да каралат. Коронавирус пандемиясы учурунда көп эле жаштар ыктыярчы болушту.
Бул программанын натыйжасы 3-4 жылдан кийин билинет. Анткени докторантура, магистратурада окуу мөөнөтү — үч жыл. Бирок атайын акча бөлүнгөндөн кийин ошол дүйнөлүк окуу жайлар менен байланышып, жатаканасын, шартын карап, окуусун, баарын көзөмөлдөө керек.
Японияда илимдин докторлугун жактап, билим алып жүргөн Нуркамал Жумабай кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2022
Японияда илимдин доктору болгон Нуркамал: адамды эмне карытпай турганын билдим
Жаңылыктар түрмөгү
0