Евразийский экономический форум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Евразия экономикалык форуму
Бишкекте Евразиялык экономикалык форум өтүүдө. Ага 15 өлкөдөн 2,5 миңге чукул киши келди. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтүп, өнөр жай, электрондук соода, энергетика, транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча 6 панелдик талкуу болот. Форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.

Кожошев менен Мясникович Евразиялык форумду уюштуруу маселесин талкуулашты

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары менен Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы жолукту
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары менен Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2022
Жазылуу
Бишкекте биринчи жолу өтүүчү Евразиялык экономикалык форум 2022-жылдагы эң ири иш-чаралардын бири болору айтылды.
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Бишкекте эртең өтө турган Евразиялык экономикалык форумду уюштуруу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Бишкекте эртең өтө турган Евразиялык экономикалык форумду уюштуруу маселесин талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Бишкекте эртең өтө турган Евразиялык экономикалык форумду уюштуруу маселесин талкуулашты - Sputnik Кыргызстан
1/3

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Бишкекте эртең өтө турган Евразиялык экономикалык форумду уюштуруу маселесин талкуулашты

© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев

Кожошев белгилегендей, форумга даярдануу иштери аягына чыгып калды

Кожошев белгилегендей, форумга даярдануу иштери аягына чыгып калды - Sputnik Кыргызстан
2/3

Кожошев белгилегендей, форумга даярдануу иштери аягына чыгып калды

© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев

Өз кезегинде Мясникович иш-чаралар жогорку деңгээлде өтөрүнө ишенерин билдирди

Өз кезегинде Мясникович иш-чаралар жогорку деңгээлде өтөрүнө ишенерин билдирди - Sputnik Кыргызстан
3/3

Өз кезегинде Мясникович иш-чаралар жогорку деңгээлде өтөрүнө ишенерин билдирди

1/3

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Бишкекте эртең өтө турган Евразиялык экономикалык форумду уюштуруу маселесин талкуулашты

2/3

Кожошев белгилегендей, форумга даярдануу иштери аягына чыгып калды

3/3

Өз кезегинде Мясникович иш-чаралар жогорку деңгээлде өтөрүнө ишенерин билдирди

Кожошев белгилегендей, форумга даярдануу иштери аягына чыгып калды.

"Бул форумду 2022-жылдагы эң ири иш-чаралардын бири деп атоого болот. Биринчи Евразиялык экономикалык форумга 2500дөн ашуун адам катталды. Биз конокторду тосуп алууга даярбыз. Форумда 35 иш-чара, анын ичинен 21и тематикалык сессия болот. ЕАЭБдин мыкты агроөнөр жай продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулат жана форумдун өзүндө 10 документке кол коюу пландалууда”, — деди министрлер кабинетинин башчысынын орун басары.

Өз кезегинде Мясникович иш-чаралар жогорку деңгээлде өтөрүнө ишенерин билдирди. Анын айтымында, алдыда боло турган форум бизнес-чөйрө үчүн түрдүү маселелердин жаңы чечимдерин табууга чоң мүмкүнчүлүк берет.
Жолугушуунун жүрүшүндө Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы өз ара кызматташуунун актуалдуулугу, анын ичинде стратегиялык багыттардагы кызматташууга тиешелүү маселелер да талкууланды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2022
Евразия экономикалык форуму
Акылбек Жапаров Евразиялык экономикалык форумдун ачылышына катышат
Жаңылыктар түрмөгү
0