Прокуратура: Токтогулда милицонерлер далил катары турган баңгизатты уурдап алган

© Sputnik / Табылды КадырбековМилицонер. Архив
Милицонер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2022
Жазылуу
Баңгизатты алып койгон окуя боюнча көзөмөл органы кылмыш иш козгоп, тергөө жүргүзүп жатканы айтылды.
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Милиция кызматкерлери кылмыш ишине карата далил зат катары алынган баңгизатты уурдап алышкан. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Башкы прокуратура жүргүзгөн текшерүүдө милиция кызматкерлери кылмыш ишине карата далил зат катары алынган баңгизатты уурдап алышкандыгы аныкталган. Жалал-Абад областынын Токтогул райондук ИИБинин айрым кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык абалын мыйзамга каршы пайдаланып, кылмыш иши боюнча далил зат катары алынган жалпы салмагы 834 грамм баңгизаттан (каннабис чайыры) 174 граммды уурдап алышкан", — деп айтылган аталган органдын тараткан маалыматында.
Бул факт боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренеси ("Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын айтышты.
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2022
Ошто пара алып жаткан милициянын майору кармалды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0