Евразийский экономический форум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Евразия экономикалык форуму
Бишкекте Евразиялык экономикалык форум өтүүдө. Ага 15 өлкөдөн 2,5 миңге чукул киши келди. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтүп, өнөр жай, электрондук соода, энергетика, транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча 6 панелдик талкуу болот. Форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.

Садыр Жапаров: дүйнө олку-солку болуп турганда ЕАЭБ ичинде бекем бололу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстан президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2022
Жазылуу
Жапаров интеграциянын натыйжалуу болушуна кедергисин тийгизип жаткан учурларды дагы айта кетти.
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бишкекте өтүп жаткан I Евразиялык экономикалык форумга алыскы чет өлкөлөрдөн адистердин катышышы ЕАЭБдин интеграциялык программалары ийгиликтүү иштеп жатканынан кабар берет. Бул тууралуу Кыргызстан президенти Садыр Жапаров иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүндө сүйлөп жатып айтты.
“ЕАЭБди өнүктүрүү — бул биримдикке кирген ар бир мамлекеттин өзүнчө обочолонгон процесси эмес, ал ага мүчө-мамлекеттердин баарынан көз каранды болгон бири-бирин толуктоочу процесс. Бүгүнкү талкуулардын натыйжалары иш жүзүнө ашсын", — деди президент.
Мамлекет башчы белгилегендей, бирикменин негизги милдеттери катары төмөнкүлөр кала берет:
биринчиси — “төрт эркиндикти” камсыз кылуу. Бул товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын кыймылынын эркиндиги;
экинчиси — 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын өз убагында ишке ашыруу;
үчүнчүсү – агроөнөр жай жана өнөр жай тармактарында биргелешип иш жүргүзүү;
төртүнчүсү – туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу максатында биздин интеграцияны өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алгоритмдерин аныктоо.
бешинчиси — Чыгыш-Батыш жана Түндүк-Түштүк багыттары боюнча транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү.
"Бул милдеттер азыр дүйнөлүк саясатта олку-солкулук күч алып, биримдиктеги өнөктөштөрүбүзгө каршы тандалма санкциялар күчөп жаткан шартта өзгөчө актуалдуу болуп жатат. Мындай кырдаалда тышкы жагымсыз факторлорго каршы бардыгыбыз тең мурдагыдан да ыкчам жана натыйжалуу жооп кайтаруубуз зарыл", — деди Жапаров.
Президент жаштарга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
"Жыл башында Кыргызстан Евразия жаштар форумун жыл сайын өткөрүү демилгесин көтөргөн. Аны менен келечекте евразиялык интеграция идеяларын илгерилетүү үчүн жаш муунга биримдиктин экономикалык өнүгүүсү боюнча пикир алмашууга аянтча түзмөкпүз", — деди мамлекет башчы.
Мындан тышкары, Жапаров интеграциянын натыйжалуу болушуна кедергисин тийгизип жаткан эң курч көйгөйлөрдүн бири тоскоолдуктар экенин айтты. Ошондой эле эртең ЕАЭБдин Жогорку кеңешинин жыйынында бул боюнча баяндама жасаларын кошумчалады.
Бүгүн, 26-майда, Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум өтүп жатат. Иш-чара Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин катышуусунда жолугушуу менен аяктайт. Ага Кыргызстан президенти Садыр Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Казакстандын жетекчиси Касым-Жоамарт Токаев жана Россия лидери Владимир Путин катышууда. Андан сырткары, Беларустун премьер-министри Роман Головченко бар.
Буга чейин форумдун алкагында жыйырмадай тематикалык сессия өткөн.
Бишкек ТЭЦинин башкаруу пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2022
Евразия экономикалык форуму
Министрлик: Кыргызстан ЕАЭБдин бирдиктүү энергетика рыногуна кирүүгө даяр
Жаңылыктар түрмөгү
0