Сузакта окуучу кызга кол көтөргөн мугалим иштен алынды

© Sputnik / Виталий АньковМугалим мектепте сабак учурунда. Архив
Мугалим мектепте сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2022
Жазылуу
Окуя боюнча билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев да үн каткан.
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Сузак районунун Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте окуучуга кол көтөргөн мугалим иштен алынды. Маалыматты Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов тастыктады.
Эскерте кеткек, интернетте мугалим окуучу кызды башка-көзгө койгулап жатканы түшүп калган видео тараган. Кийинчерээк окуя эмнеден башталганы, 7-класстын окуучусу педагогго каяша айтып, урушуп жатканы тартылган тасма жүктөлгөн. Окуя боюнча билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев да үн катып, милиция ишти иликтей баштаган.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, адистер тарабынан түзүлгөн атайын комиссия окуя боюнча иликтөө жүргүзүп, натыйжада мугалим Эмгек кодексинин 381-беренеси ("Окуучуга, тарбиялануучуга карата күч колдонуп жана (же) психикалык зомбулук көрсөтүшүнө байланышкан тарбиялоо усулдарын, анын ичинде бир жолу пайдаланганда") боюнча иштен бошотулган.
Сабалган кыздын ата-энеси мугалимге доосу жоктугун билдиргени кошумчаланды.
Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2022
Милиция мугалимден таяк жеген кыз боюнча тергөө баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0