Дүйнөдө чылым чегүүнүн кесепетинен минутасына 10 адам каза болот

© AFP / JOE KLAMARТамеки чегип жаткан адам. Архив
Тамеки чегип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2022
Жазылуу
Статистикага ылайык, күнүнө 14 миңдей адам өлүмгө учурайт.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Чылым чегүүнүн кесепетинен жер жүзүндө минутасына 10 адам каза болот. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Ведомство Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянып, кыргызстандыктарга эскертүү берди.
Андагы статистикага ылайык, дүйнөдө ар бир 6 секунд сайын бир, мүнөтүнө 10, саатына 600дөн ашуун, күнүнө 14 миңдей адам тамекинин айынан өлүмгө учурайт.
Сүт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2022
Диетолог сөөктүн иштөөсүн бузган үч суусундукту атады
Жаңылыктар түрмөгү
0