Чүйдө 21 жаштагы айдоочу сүзүп кеткен аял кырсык болгон жерде көз жумду

© Фото / пресс-служба ГУОБДДЧүйдө 70 жаштагы аялды айдоочу сүзүп кетти
Чүйдө 70 жаштагы аялды айдоочу сүзүп кетти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2022
Жазылуу
ЖКККББ айдоочуларды автоунааны этияттап башкарууга, жол эрежелерин сактоого чакырды.
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Москва районунун Садовое айылында айдоочу жөө адамды сүзүп, 70 жаштагы аял кырсык болгон жерден мүрт кеткен. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба ГУОБДДMercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын 21 жаштагы Н.С. аттуу айдоочусу жол караңгы болгондуктан жөө адамды сүзүп алган
Наезд на пожилую женщину в Чуйской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2022
Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын 21 жаштагы Н.С. аттуу айдоочусу жол караңгы болгондуктан жөө адамды сүзүп алган
Билдирмеге караганда, кырсык 27-май күнү кечки саат 22:00дөр чамасында Бишкек — Чалдывар жолунун 36-чакырымында болгон. Анда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын 21 жаштагы Н.С. аттуу айдоочусу жол караңгы болгондуктан жөө адамды сүзүп алган.
"70 жаштагы аял алган жараатынан кырсык болгон жерде көз жумган. Териштирүү иштери жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта.
ЖКККББ айдоочуларды автоунааны этияттап башкарууга, жол эрежелерин сактоого чакырды.
Наезд на девушку в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2022
Бишкектин чок ортосунда машина кызды коюп кетти. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0