Жердин жашоочулары метеорит жааган ирмемдерге күбө боло алышат

© AFP / Jorge Guerrero Метеориттерден жамгыр. Архив
Метеориттерден жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2022
Жазылуу
Адистер комета сыныктарынын траекториясын анализдеп, метеордук агым 2022 жана 2049-жылы активдешерин аныкташкан.
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Жердин жашоочулары 31-майда метеорит жааган ирмемдерге күбө болот. Бул туурасында РИА Новости крымдык астроном Александр Якушечкинге таянып билдирди.
"31-майда Жерде жашагандар керемет көрүнүшкө туш болот, тагыраагы, метеорит жааган кубулушту байкоо мүмкүнчүлүгү жаралат. Алардын саны болжол менен саатына он миңге чейин жетет. Метеориттердин активдүүлүгү эки саатка чукул созулат. Эгерде Москва убактысы менен алсак, таңга жуук 6:30га (Бишкек 9:30) туура келет", — деген Якушечкин.
Бул өзгөчө кубулуш Жердин батыш жарым шарынан, Түндүк Америкадан жакшы көрүнөрүн билдиришти. Астроном учурда бул штормдун башталышы боюнча бир нече версия бар экендигин, эртең мененки сегизге чукул (Москва сааты менен) деп да айтылып жатканын кошумчалады.
Тау-Геркулиддердин метеордук агымы туурасында анын баштапкы кометасы SW3тү ачышкандан кийин (1930-жыл 2-май) эле айтып башташкан. Бул объектинин айланып жүрүү мезгили 8,5 жыл дешкен.
Кометанын өзөгү 1995-жылы ири төрт бөлүккө чачырап кеткен. Ал эми 2006-жылы анын 65ке бөлүнгөнүн байкашкан. Адистер бул сыныктардын траекториясын анализдеп, алардын табиятын изилдеп чыкканда метеордук агым 2022-жылы жана андан 27 жыл өткөн соң, тагыраагы, 2049-жылы активдешерин аныкташкан.
Как десятки метеоритов! Падение спутников Илона Маска попало на видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2022
Метеорит сымал. Илон Масктын спутниктеринин жерге жетпей жарылган видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0