Кыргызстанда коррупцияга каршы пропагандалык иштерди жүргүзүү сунушталды

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча кармап турган адам. Архив
Акча кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2022
Жазылуу
Стратегияда үч пунктудан турган иш-аракеттердин планы камтылган.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Антикоррупциялык ишкердик кеңештин отурумунда 2022-2024-жылга Кыргызстандын коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиясынын долбоору презентацияланды.
Ошондой эле үч пунктудан турган иш-аракеттердин стратегиялык планы тартууланды:
коррупция үчүн жазадан бошотпоо;
бизнес-чөйрөдөгү коррупцияга каршы күрөш;
коррупцияга каршы үгүттөө жана пропагандалоо;
Үчүнчү пункт боюнча аталган кеңештин мүчөсү Чолпон Койчуманова баяндама жасады.
"Биздин коом коррупцияга белчесинен батып калган. Мамлекеттик идеологияга маани берип, коррупцияга каршы пропагандалык иштерди тынымсыз жүргүзүш керек", — деди Койчуманова.
Учурда министрлер кабинетинин төрагасы жана мүчөлөрүнүн катышуусунда Антикоррупциялык ишкердик кеңештин отуруму өтүп жатат.
Акча берип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2022
Акылбек Жапаров: коррупция менен күрөшөлү десек бийликти коркутуп жатышат
Жаңылыктар түрмөгү
0