Кыргызстан менен Россиянын ортосунда каттай турчу поезддер. График

© Sputnik / Михаил Голенков / Медиабанкка өтүүТемир жол вокзалдагы адамдар. Архив
Темир жол вокзалдагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2022
Жазылуу
Ишкана билет бааларына арзандатуулар болорун айтып, анын да жол-жобосун түшүндүрдү.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" ишканасы 6-июндан тарта Кыргызстан менен Россиянын ортосунда темир жол байланышы жандана турганын дагы бир жолу эскертип, жүргүнчү ташыган поезддер кайсы шаарларга саат канчада кетерин жарыялады.
№17 Бишкек — Самара багытындагы поезд шаршемби жана жума күндөрү Бишкектен саат 09:44тө жөнөп, Самарага жума жана жекшемби күндөрү саат 18:44тө барат.
№18 Самара — Бишкек багытындагы поезд Самарадан ишемби жана дүйшөмбү күндөрү саат 16:11де чыгып, Бишкекке дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү саат 22:59да келет. Жолдун жалпы узундугу 2 685 чакырымды түзөт. Бир тарапты көздөй жолдо жүрүүнүн жалпы убактысы 56 саат 30 мүнөт.
№305 Бишкек — Шу — Казань багытындагы поезд Бишкектен дүйшөмбү күндөрү саат 14:03тө чыгып, Казанга бейшемби күнү саат 06:43тө жетет.
№306 Казань — Шу — Бишкек багытындагы поезд Казандан бейшемби күнү саат 23:55те чыгат, Бишкекке жекшембиде саат 18:44тө келет. Жолдун жалпы узундугу 3 286 чакырым. Бир тарапты көздөй жолдо жүрүүнүн жалпы убактысы 64 саат 40 мүнөттү түзөт.
№385 Бишкек — Новосибирск багытындагы поезд саат 00:15те Бишкектен жөнөйт, Новосибирскиге саат 04:58де жетет. Сегиз күндө бир жолу каттайт.
№ 386 Новосибирск — Бишкек багытындагы поезд Новосибирскиден саат 14:30да чыгып, Бишкекке саат 19:20да келет. Жолдун жалпы узундугу 2 340 чакырымды түзөт. Бир тарапты көздөй жолдо жүрүүнүн убактысы 52 саат 43 мүнөт.
Билет баалары:
Бишкек — Новосибирск (11 380 сом);
Бишкек – Самара (14 560 сом);
Бишкек – Казань (20 000 сом).
"Кыргыз темир жол" ишканасы билетти эртерээк алса арзаныраак болорун айтып, жол-жобосун түшүндүрдү.
Купе жана "люкс" вагондор:
Билетти 45 күндөн 41 күнгө чейин эрте сатып алса, 45 пайыз арзандатуу болот;
Билетти 40 күндөн 11 күнгө чейин эрте сатып салса, 35 пайыз арзандатуу болот;
Билетти 10 күндөн 6 күнгө чейин алдын ала сатып алса, 25 пайыз арзан болот;
Билетти 5 күн эрте сатып алса, 15 пайыз арзан алса болот.
Плацкарт вагондор:
Билетти 45 күндөн 41 күнгө чейин эрте сатып алса, 35 пайыз арзандатуу болот;
Билетти 40 күндөн 11 күнгө чейин эрте сатып салса, 25 пайыз арзандатуу болот;
Билетти 10 күндөн 6 күнгө чейин алдын ала сатып алса, 15 пайыз арзан болот;
Билетти 5 күн эрте сатып алса, 10 пайыздык арзандатуу болот.
"Бул арзандатуулар 2022-жылдын 3-июнунан тартып 2022-жылдын 28-декабрына чейин (ал күндү кошкондо) күчүндө болот", — деп айтылат маалыматта.
Ишкана 5 жашка чейинки балдарга акы алынбай турганын эскертип, колдогу жүктүн салмагы ар бир берилген орунга 36 килограммдан ашпашы керектигин айтты.
"Кыргыз темир жолу" ишканасы Россия, Казакстан чек арасынан поезд менен өтүү тартиби туурасында дагы маалымат берди. Казакстанда COVID боюнча тапшырган тест жана оору чыккан жок деген жыйынтык орус жана англис тилдеринде керек болот. Тест тапшырылган маалдан 72 саат өтүп кетпеши керек.
Төмөнкүлөргө документтер талап кылынбайт:
5 жашка чейинки балдарга;
Казакстандын өкмөттүк делегацияларынын мүчөлөрүнө;
локомотивдик жана поезддик бригадалардын экипажына;
Казакстанда COVID-19га каршы эмдөөнү толук алгандарга же ревакцина кылгандарга. Эске салуучу учур — жүргүнчү чек араны кесип өтүп жатканда вакцина сайдырганына алты айдан ашык убакыт өтпөшү керек. Аны тастыктаган документтер зарыл;
Казакстанда таанылган вакциналарды (COVID-19га каршы) алгандыгы боюнча паспорт/сертификат/маалымдамасын көрсөткөндөр;
маалым кат "COVID жок саякаттайм" мобилдик тиркемеси менен да көрсөтүлөт.
Россияда жүргүнчүлөр поездге COVID боюнча тапшырган тест жана оору чыккан жок деген жыйынтыгын көрсөткөн документи же аталган тиркемеси менен киргизилет.
Кыргызстанга кирип жатканда чектөө жок.
Темир жол вокзалындагы поезд. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2022
Россиянын шаарларына каттай турчу поезд билеттеринин баасы айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0