Кандай оорусу бар адамдарга чай ичүүгө болбойт? Диетологдун кеңеши

© Sputnik / Александр Калинин / Медиабанкка өтүүЧай куюу. Архив
Чай куюу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2022
Жазылуу
Чай ичүү же ичпөө маселесин дарыгер менен талкуулап алуу керек. Организмдин өзгөчөлүгүнө жараша медиктер ар бир адамга ар башкача кеңеш бериши мүмкүн.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Диетолог Евгений Арзамастцев кандай илдеттери бар кишилер чайдан баш тартышы керектигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Адистин айтымында, чай гипертония, подагра, уйкусуздук жана ашказан оорулары бар адамдарга сунушталбайт.
"Чай канчалык кызыл болсо, организмге ошончолук көп пурин заты кирет. Бул зат адамдын канында заара кычкылына айланып, бөйрөккө күч келтирет. Андыктан подагра менен ооруган адамдар чайдан баш тартып, болбосо, мала кызыл кылып ичиши керек", — деди Арзамастцев.
Ал эми чайдын курамындагы кофеин кан басымын кескин жогорулатышы мүмкүн. Андыктан гипертония диагнозу коюлган адамдар дагы чайдан оолак болгону жакшы.
"Кофеин уйкусуздуктан жапа чеккендер үчүн да пайдасыз. Ошондой эле чай ичеги-карындагы көйгөйлөрдү күчөтүшү мүмкүн", — деди диетолог.
Адис жогоруда аталган ооруларга кабылган адамдарга чай ичүү же ичпөө маселесин дарыгер менен талкуулап алышы керектигин эскертти. Организмдин өзгөчөлүгүнө жараша медиктер ар бир адамга ар башкача кеңеш бериши мүмкүн.
Тишин жууган кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2022
Жеке эле генетикадан эмес... Тиштин өңүн буза турган себептер аталды
Жаңылыктар түрмөгү
0