ТИМ "Манас" университетиндеги FETO тууралуу семинарга үн катты

© Sputnik / Эмиль СадыровКыргызстандын Тышкы иштер министрлиги. Архив
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2022
Жазылуу
Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлүнүн айтымында, "Манас" университети саясий куралга айланбашы керек.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргыз-түрк “Манас” университетинде Фетхуллах Гүлендин кыймылы (Түркияда террорист деп таанылган) боюнча семинардын өтүшүнө Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги реакция жасады.
Мурдагы күнү университетте (1995-жылы эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин негизинде Бишкек шаарында түзүлгөн, — ред.) "FETO террордук уюму. Параллелдүү мамлекеттик түзүлүш" аттуу семинар болуп өткөн. Аны Түркиянын элчилиги өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги менен Ички иштер министрлигинин колдоосунда уюштурган.
Иш-чарада Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган Кыргызстандагы FETO түзүмү Түркияны кээ бир чараларды көрүүгө мажбурлап жатканын айткан.
Алар:
"Сапат" лицейинин дипломдору мурдагыдай эле Түркия тарабынан таанылбайт;
террордук уюмдун мүчөлөрүн бул лицейлерге кабыл алган администрацияга карата мыйзамдуу чаралар көрүлөт;
FETOну колдоп, түрк элин баалабаган айрым адамдарга өлкөгө кирүүгө тыюу салынат.
Ошондой эле ал "аталган кыймылдын кыргыз-түрк боордоштугуна, кызматташтыгына тоскоолдук кылуу аракеттерин байкап жатканын" кошумчалаган.
Бул нерсе айрым кыргызстандыктардын, анын ичинде "Сапат" билим берүү тармагынын бүтүрүүчүлөрүнүн (айрым маалыматтар боюнча, Гүлен менен байланышы болгон, — ред.) нааразычылыгын жараткан. Алар университет саясий талаш-тартыштардын аянтчасына айланбашы керек деп эсептешет. Айрымдар элчиликтин аракетин Кыргыз Республикасынын ички иштерине кийлигишүү деп баалашты.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Авазбек Атаханов “Манас” университети эки боордош элдин достугун бекемдөө механизми катары түзүлгөнүн белгиледи.
"Университеттин жетекчилиги мындай иш-чараларга өзүнүн аянтчасын берип, чыр-чатакка жем таштабашы зарыл. "Манас" университети — эки тараптуу билим берүү тармагындагы эң ийгиликтүү долбоорлордун бири. Андыктан кайсы бир күчтөрдүн саясий куралына айланбашы керек", — деди Атаханов.
Ал бул факт боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгы жалпы коомчулукка айтыларын билдирди.
Фетхуллах Гүлен 2016-жылы жайында Түркияда 250дөй адам набыт болгон төңкөрүш жасоого аракет кылган деп шектелип келет. Бул окуялардан кийин өлкөдө дааватчылар, кыймылдын миңдеген жактоочулары кармалган. Гүлен өзү 1999-жылдан бери АКШда жашайт жана бардык айыптоолорду четке кагып келет.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2022
Министр Ниязбеков Түркия вице-президенти менен ФЕТӨ боюнча маселени талкуулады
Жаңылыктар түрмөгү
0