ЖРТнын жыйынтыгы качан чыгары айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖалпы республикалык тестирлөө. Архив
Жалпы республикалык тестирлөө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2022
Жазылуу
ЖРТ жыйынтыгын онлайн билүүгө мүмкүн эмес. Балл сертификаттын өзүндө гана жазылуу болот.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкандар анын жыйынтыгы боюнча сертификатты 27-июндан 4-июлга чейин алышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, өлкөдө ЖРТ 24-майдан 28-майга чейин өткөн. Бирок айрым мектеп жана колледждин бүтүрүүчүлөрү белгилүү бир себептер менен ага катыша албай калгандыктан, тестирлөө кошумча 24-25-июнда да болот.
"27-июндан 4-июлга чейин бардык бүтүрүүчүлөр, анын ичинде кошумча этапка катышкандар дагы сертификаттарын алышат", — деп жазылат маалыматта.
ЖРТ жыйынтыгын онлайн билүүгө мүмкүн эмес. Балл сертификаттын өзүндө гана жазылуу болот.
Бишкектеги мектепте Акыркы коңгуроо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2022
Акыркы коңгуроодо акча чогултууга тыюу салынат. Министрлик эскертүү берди
Жаңылыктар түрмөгү
0