Ислам өнүктүрүү банкына Бишкектен кеңсе ачып, кеңири кызматташуу сунушталды

© Фото / пресс-служба Кабинета министров КРМинистрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мохаммад бин Сулейман Аль-Джассер менен жолугушту
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мохаммад бин Сулейман Аль-Джассер менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2022
Жазылуу
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда 2022-2027-жылдары кызматташуу стратегиясын иштеп чыгуу маселеси да каралды.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мохаммад бин Сулейман Аль-Джассер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Кыргыз делегациясы Ислам өнүктүрүү банкы тобунун башкаруучуларынын жыл сайын өтүүчү 47-жыйынына катышкан.
Анда Кыргызстандын аймагында Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор, ошондой эле мындай кызматташтыкты кеңейтүү маселеси талкууланган.
Тараптар Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын 2022-2027-жылдарга карата кызматташуу стратегиясын иштеп чыгуу жана ага тез арада кол коюу зарылдыгын белгилеген.
Өз кезегинде Арзыбек Кожошев Ислам өнүктүрүү банкынын жетекчисине өлкө башчы Садыр Жапаровдун Бишкек шаарында аталган банктын кеңсесин ачуу маселеси боюнча кайрылуусун айткан.
"Банк өкүлчүлүгүнүн ачылышы өлкө үчүн артыкчылыктуу саналган көптөгөн жаңы долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзүп, кызматташтыкты өнүктүрүүгө дем берет", — деген Кожошев.
Ал эми Ислам өнүктүрүү банкынын президенти кызматташтыкты чыңдоого жана кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилеген.
Ошондой эле Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, Катар өнүктүрүү фонду, Кувейт араб өнүктүрүү фонду жана Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюмунунун эл аралык өнүктүрүү фондунун (ОПЭК) курамына кирген Араб координациялык тобунун мүчөлөрүнүн катышуусу менен жакынкы арада төртүнчү тегерек столду өткөрүү маселеси каралган.
Кыргыз тарап доктор Мохаммад бин Сулейман Аль-Джассерди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырып, ал сунушту кабыл алган.
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2022
Рекорддук сумма. Быйыл РКӨФ 90 млн. долларлык долбоорду каржылайт
Жаңылыктар түрмөгү
0