Садыр Жапаров ооруканага барып чек арада жарадар болгон жоокерлерди көрдү. Сүрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги атышууда жаракат алган чек арачылардан кабар алды
Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги атышууда жаракат алган чек арачылардан кабар алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2022
Жазылуу
Маалымат кызматы жоокерлерге Улуттук госпиталда тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүп, зарыл диагностикалык изилдөөлөр жасалгандыгын билдирди.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги атышууда жаракат алган чек арачылардан кабар алды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги атышууда жаракат алган чек арачылардан кабар алды

Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги атышууда жаракат алган чек арачылардан кабар алды - Sputnik Кыргызстан
1/2

Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги атышууда жаракат алган чек арачылардан кабар алды

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Учурда бейтаптар адистердин көзөмөлүндө.

Учурда бейтаптар адистердин көзөмөлүндө. - Sputnik Кыргызстан
2/2

Учурда бейтаптар адистердин көзөмөлүндө.

1/2

Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги атышууда жаракат алган чек арачылардан кабар алды

2/2

Учурда бейтаптар адистердин көзөмөлүндө.

"Жапаров бүгүн, 4-июнда, жакында Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде курал колдонуу менен катталган окуянын жүрүшүндө жаракат алган чек ара кызматкерлеринен кабар алды. Мамлекет башчысы жоокерлер менен баарлашып, алардын акыбалын сурап, тез арада сакайышын каалады", — деп айтылган билдирүүдө.
Учурда бейтаптар адистердин көзөмөлүндө. Маалымат кызматынан жоокерлерге Улуттук госпиталда тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүп, зарыл диагностикалык изилдөөлөр жасалгандыгын кошумчалашты.
Эске салсак, чек ара аймагында атышуу 3-июнда түштө башталганы кабарланган. Маалыматка караганда, алгач Баткен облусуна караштуу Булак-Башы аймагында кыргызстандык чек арачылар тактала элек аймактан өтүп, Кыргызстанга мыйзамсыз кирип кеткен тажикстандык чек арачыларды көрүшкөн. Талаптарга баш ийбеген тажик чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок чыгарган. Натыйжада эки өлкөнүн чек арачылары атыша кеткен. Тажик тарап миномёт колдонгон. Кыргыз тараптан эки жоокер жарадар болгон.
Саламаттык сактоо министрлиги жаракат алгандардын биринин абалы өтө оор экенин, бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылганын айткан. Ал эми экинчи чек арачынын абалын орто деп баалаган.
Чек арачылар бүгүн Баткенден Бишкекке жеткирилген.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2022
Баткенде жарадар болгон жоокерлерди Бишкекке алып кетебиз. Ташиевдин видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0