Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Лавров: Украинанын Россия менен сүйлөшүүсүн улантууга Батыш тыюу салган

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архивдик сүрөт
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2022
Жазылуу
Лавровдун ою боюнча, АКШ менен Улуу Британия Украинаны курал катары колдонуп жатат.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Батыш өлкөлөрү Украинанын Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүсүнө тыюу салып, аны РФти ооздуктоо үчүн курал катары колдонууда. Бул тууралуу Сергей Лавров Сербиянын телеканалына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Эки ай мурда Украина бул маселени кантип чечүү керектиги тууралуу сунушту киргизгендей болгон. Бул сунушту негиз катары алганбыз. Бир күндөн кийин Батыш процессти улантууга тыюу салды. Андан соң алар өз позициясын катаалдаштырып, Бучадагы чагымчыл окуя болду. Анын атайын даярдалганы көрүнүп эле турат", — деген дипломат.
Лавровдун ою боюнча, АКШ менен Улуу Британия Украинаны курал катары колдонуп жатат. Бул эки мамлекет Батыш башында турган атайын топту түзүп, ага НАТО менен Евробиримдик толугу менен баш ийүүдө.
Москва менен Киев жаңжалды дипломатиялык жол менен жөнгө салуу үчүн атайын операция башталгандан бери бир нече сүйлөшүү жүргүзгөн. Бирок апрель айында диалог үзгүлтүккө учураган. Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүү процессин украин тарап токтотуп салганын айтып, Россиянын келишим долбоору боюнча сунуштарына жооп бербей койгонун билдирген.
РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2022
Лавров: НАТОнун кеңейиши боюнча маселеге Батыш орой жооп берген
Жаңылыктар түрмөгү
0