Таш бака тамдын башында ээсин 30 жыл күткөн. Бразилиядагы окуя

© Sputnik / Евгения НовоженинаТаш бака. Архив
Таш бака. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2022
Жазылуу
Аял тамдын чатырындагы буюмдарды иреттеп жатып эски кагаз үкөктөн бала кезиндеги таш баканы тирүү таап алган.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Бразилияда таш бака тамдын чатырында ээсин 30 жыл күткөн. Бул туурасында The Daily Star басылмасы жазды.
Жаныбарды жоголуп кетти деп эсептешкен. Аны ээси сегиз жашар кезинде, 1982-жылы, жоготуп алган.
Күйөөсү өлгөндөн 30 жыл өткөн соң бразилиялык аял балдары менен качандыр бир кезде жашаган үйүнө кайтууну чечкен. Аял тамдын чатырындагы буюмдарды иреттеп жатып эски кагаз үкөктөн бала кезиндеги таш баканы таап алган. Бул жылдар арасында жаныбар там башындагы курт-кумурскалар, алардын личинкаларын жеп жашап келгени анык болгон.
Таң калдырган сары түстүү таш бака. Индиядан тартылган видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2020
Таң калтырган сары түстүү таш бака. Индиядан тартылган видео
Жаңылыктар түрмөгү
0