Бишкекте "Ала-Тоо" аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп кетти

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүАквапарктагы эс алуучулар. Архив
Аквапарктагы эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2022
Жазылуу
Көз жумган бала №95 мектеп-гимназиясынын окуучусу болгон.
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болду. Маалыматты Шаардык билим берүү башкармалыгынын начальнигинин орун басары Данияр Абдуазизов тастыктады.
Анын айтымында, окуя бүгүн катталган. Балдардын жанында ата-энелери болгон. Каргашалуу кырсык боюнча комиссия түзүлгөнү кошумчаланды.
Бишкек ШИИБ да бул боюнча маалымат берди.
"6-июнь күнү саат 11:00дөр чамасында милицияга жашы жете элек баланын сууга чөккөнү тууралуу билдирүү түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, №95 мектеп-гимназиясынын администрациясы ата-энелер менен бирге балдарды "Ала-Тоо" аквапаркында эс алдырууну уюштуруп, жыйынтыгында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болгон", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт Октябрь РИИБдин бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Тергөө иштери уланып жатканы кошумчаланды.
Жер казып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2022
Суу киргизем деп... Нарында 47 жаштагы киши топурак басып калып көз жумду
Жаңылыктар түрмөгү
0