UFC Кыргызстан жана Валентина Шевченко тууралуу видео жарыялады

Жазылуу
UFC Russia YouTube каналында Кыргызстан жана аталган уюмдун чемпиону Валентина Шевченко тууралуу видео чыгарды.
Спортчу мекенине 2021-жылдын ноябрь айынын аягында келип, 2022-жылдын январь айынын ортосуна чейин бул жерде болгон.
Видеодон улуттук көк бөрү оюнунан көз ирмемдерди, Шевченконун Ысык-Көлдө болгон кезин, Бишкектеги өзү окуган мектебине барган учурду жана башка кадрларды көрүүгө болот. Анда чемпиондун жетишкендиктери тууралуу да сөз болот.
12-июнда кыргызстандык мушкер бразилиялык Тайла Сантос менен беттешет. Бул таймаш UFC 275тин башкы беттеши болмокчу.
Тема боюнча:
Шевченко салмагын арттырып, эки жолку UFC чемпиону болууну көздөөдө
Жаңылыктар түрмөгү
0