Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эксперт: дүйнө экиге бөлүнүп, кансыз согуш алдында турат

© Sputnik / Табылды КадырбековЭл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2022
Жазылуу
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул Финляндия менен Швециянын Түндүк Атлантика альянсына (НАТО) кирүү далалаты тууралуу пикирин билдирди.
Мамлекет өз коопсуздугун эки жол менен камсыздай алат. Бири нейтралдуулукту кармануу болсо, экинчиси аскердик альянстарга кирүү. Бул тууралуу Чынара Эсенгул Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Эксперт: дүйнө экиге бөлүнүп, кансыз согуш алдында турат
Анын айтымында, Борбор Азия мамлекеттердин ичинен Түркмөнстан 1995-жылдан бери нейтралитет саясатын карманат.
"Кандай гана мамлекет болбосун, коопсуздукту камсыздаган эки модель бар. Биринчиси — нейтралитетти кармануу. Борбор Азия мамлекеттеринен Түркмөнстан 1995-жылы дал ушул жол менен коопсуздугун камсыздай турганын БУУда жар салган. Экинчиси — альянстарга кирүү. Кыргызстан ушул жолду тандап, ЖККУга кирген. Ошондой уюмдардын бири — НАТО. Учурда дүйнөдө геосаясий абал кескин өзгөрүп, нейтралдуу мамлекеттер тигил же бул тарапты тандоодо. Бул кандайдыр бир деңгээлде дүйнөнүн экиге бөлүнүп кансыз согуштун башталышында турганынан кабар берет. Экинчи көз караш менен алганда, Россиянын атайын операциясы башталгандан кийин Швеция менен Финляндияда НАТОго кирүүнү каалагандар 40тан 70 пайызга чейин өстү. Демек, бийлик карапайым калктын үнүн угууда деп божомолдосо болот", — деди Эсенгул.
Ал Россия Швеция менен Финляндиянын НАТОго киришине эмес, эки өлкөнүн аймагында согуштук инфраструктуранын түзүлүшүнө каршы экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0