Меркель сапарлар учурунда денесин калтырак баскан себебин айтты

© Sputnik / Евгений ОдиноковГерманиянын экс-канслери Ангела Меркель. Архив
Германиянын экс-канслери Ангела Меркель. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2022
Жазылуу
2019-жылдын ортосунан тарта дүйнө коомчулугу иш-чаралардын учурунда Ангела Меркелдин бүт денесин калтырак басып, абалы жакшы болбой турганына бир нече жолу күбө болгон.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Ангела Меркель Германия канцлери болуп турган учурунда денесин калтырак басып кеткен учурларга эмне себеп болгонуна биринчи ирет түшүндүрмө бергенин РИА Новости жазды.
2019-жылдын ортосунан тарта дүйнө коомчулугу иш-чаралардын маалында Ангела Меркелдин денесин калтырак басып, абалы жакшы болбой турганына күбө болгон. Германияга бир нече мамлекеттин лидерлери келип, жолугушуу болгон учурунда аталган өлкөнүн өкмөт башчысы тарыхта биринчи ирет мамлекеттик гимнди стулда отуруп уккан.
2019-жылы ноябрда Индияга расмий визит менен барганда Меркель протоколдон сырткары чыгып, эки мамлекеттин тең ойнолгон гимндерин отуруп угууга аргасыз болгон. Кытайдагы сапары учурунда да гимнди отурган тейде уккан, ал эми Кытай Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Кэцян, тескерисинче, ордунан турган.
"Бул эки нерсеге байланышкан деп эсептейм. Биринчиден, апам өтүп кеткенден кийин абдан кыйналгам, менимче, ошол нерсе өзүм ойлогондон да катуураак таасир эткен окшойт. Экинчиден, суюктукту чектегенден улам болду дейм. Бирок мындай нерсеге (калтыракка – ред. ) чалдыгам деп корко берип, ага жакшы нерсе таап алдым, гимндерди подиумда отуруп уга баштадым. Кырдаалдан минтип чыгып кеткеним мага жакшы таасирин тийгизди", — деген экс-канцлер Phoenix телеканалына берген маегинде.
Германиянын канцлери Ангела Меркель. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2019
Денесин калтырак баскан Меркель: эми жолугушуулардын протоколу өзгөртүлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0