"Ала-Тоо" аквапаркында каза болгон бөбөк. 6 мугалим жана завуч иштен алынды

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүАквапарк. Архив
Аквапарк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2022
Жазылуу
Аквапаркка башталгыч класстан 232 окуучу, тогуз мугалим (класс жетекчилер) жана ата-энелер комитетинен тогуз өкүл барган.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" аквапаркында сууга чөгүп каза болгон 3-класстын окуучусунун окуясына байланыштуу № 95 мектептин алты мугалими жана башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы иштен бошотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган окуяны териштирүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн.
"Аквапаркка башталгыч класстан 232 окуучу, тогуз мугалим (класс жетекчилер) жана ата-энелер комитетинен тогуз өкүл барган. Териштирүү учурунда класс жетекчилер эс алууга 13 класстын балдарын алып барганы, педагогдордун бири аквапаркка чогуу баруу иштерин уюштурганы белгилүү болгон", — деп айтылат билдирмеде.
Бул тууралуу мектеп администрациясы менен балдардын иши боюнча инспекция кызматкерлерине айтылбаганы аныкталды.
"Ошол себептен окуучуларды укук коргоо органдары коштоп барган эмес. Мындан тышкары, онлайн-окуу боюнча эч кандай буйрук жок болчу, ал эми балдар, ата-энелерге коопсуздук техникасы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес", — деп жазылат билдирмеде.
Комиссия милдетин аткарбаганы жана жашы жете элек балдардын укугун коргобогону үчүн мектеп директоруна да кызматтан кетиргенге чейинки дисциплинардык чара көрүүнү сунуштаган.
Эске салсак, 6-июнь күнү Бишкектеги "Ала-Тоо" аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Аталган окуяны териштирүү боюнча комиссия түзүлгөн.
Ысык-Көлдө эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2022
Чарчап же ачка болуп турган учурда сууга түшпөңүз! ӨКМдин эскертүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0