Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Умралиева: электрондук мектеп алгач пилоттук түрдө ишке киргизилет

© Sputnik / Асель СыдыковаМектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Самаргүл Умралиева
Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Самаргүл Умралиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2022
Жазылуу
Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Самаргүл Умралиева азыркы учурда Кыргызстанда 1 350 бала үйүнөн билим алып жатканын айтты.
Пандемия учурунда онлайн-окууга билим берүү системасы даяр болбогондуктан министрлик, педагогикалык жамаат ыкчам чараларды көрүп, абалга ылайыкташты. Акыркы эки окуу жылында мугалимдердин бардыгы коммуникативдик технологияларды өздөштүрүүгө жетишти. 2021-2023-жылдарга карата министрликтин программасы бекитилип, анын негизги багыты балдарды электрондук формада окутуу болууда. Бул тууралуу Самаргүл Умралиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Умралиева: электрондук мектеп алгач пилоттук түрдө ишке киргизилет
Анын айтымында, ведомство билим берүүнүн гибриддик формасын киргизүүнү көздөп жатат, бул үчүн электрондук платформа иштелип чыгып, видеосабактар жүктөлөт.
"Азыркы учурда электрондук мектеп уюштуруу жаатында мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлган. Бул жерде күндүзгү, сырттан окуу, дистанттык, гибриддик окутуу формалары киргизилди. Мыйзам кабыл алынса электрондук мектептин ички локалдык актылары (баланы баалоо, класска канча бала кабыл алынат, кандай педагогдор тандалып алынат, группага бөлүштүрүү) каралат. Мында мугалим өз ыктыяры менен иштейт. Жүктөмүнө жараша айлык акысы да каралышы кажет. Ал эми КРдин билим берүү мыйзамына ылайык, балдар электрондук мектепте бекер окушат. Электрондук мектеп саламаттыгына байланыштуу убактылуу сабакка келе албай калган, алыскы райондордо жашап, ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана турмуш шартына байланышуу миграцияда жүргөн балдарга Кыргызстандан орто билим алууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле кайсы бир сабак боюнча мугалим жок болсо, ал мектепке окутуучу табылганга чейин балдар башка мектептин мугалиминен онлайн-сабак ала берет. Аталган система бир нече компоненттен турат. Алсак, маалыматтык системада балдар ноутбук, телефону менен окуу процессине катыша алат. Ошондой эле санарип контент борбору түзүлүп, анда окуучу өтүлүүчү сабактарга онлайн катышып, кийин ал видеосабакты кайрадан көрсө болот. Трансляция аркылуу өтүлгөн сабактар баланын социалдашуусуна жардам берет. Ар бир бала ата-энеси аркылуу идентификацияланып, расписаниеге жараша сабакка катышат. Ал система аркылуу баланын сабакка катышкандыгы тууралуу биле алабыз. Азыркы учурда 1 350 бала үйүндө окуп жатат. Аларга ошончо мугалим үйлөрүнө барып сабак өтүүдө. Андан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген 3 000ден ашык бала мектеп-интернатта билим алууда. Биздин максат — ушул балдардын толук онлайн болсо да башка балдар менен аралашып, бирин-бири көрүп окуусуна шарт түзүү", — деди Умралиева.
Ал электрондук мектеп окутуу системасы алгач пилоттук түрдө бир-эки мектепте ишке киргизилип, ошонун негизинде окутуу механизмдери жакшыртыларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0