Путин мурда-кийин соттолгондорго такси айдоого тыюу салды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүМосквадагы такси. Архивдик сүрөт
Москвадагы такси. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2022
Жазылуу
Такси айдоочулары орточо оордуктагы кылмыштар үчүн да соттолбогон болушу шарт.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин соттуулугу бар адамдарга таксист же автобус менен трамвай айдоочусу болуп иштөөгө тыюу салган мыйзамга кол койгонун РИА Новости агенттиги жазды.
Ага ылайык, коомдук транспортту төмөндөгүдөй оор жана өзгөчө оор кылмыш жасап, жаза мөөнөтү бүтө элек же соттуулугу алына элек адамдар айдай албайт:
коомдук коопсуздукка каршы;
конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттик коопсуздукка каршы;
тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы.
Эреже ЕАЭБ мамлекеттеринин мыйзамында каралган ушундай эле кылмыш жасаган жарандары үчүн да иштемекчи.
Таксисттердин мындан тышкары төмөнкүдөй кылмыштар үчүн да соттуулугу болбошу керек:
адам өлтүрүү;
атайылап адамдын ден соолугуна оор залака келтирүү;
адам уурдоо;
талап-тоноочулук;
каракчылык;
адамдын жыныстык кол тийбестигине жана эркиндигине каршы кылмыштар.
Мында такси айдоочулары орточо оордуктагы кылмыштар үчүн да соттолбогон болушу шарт.
РФ президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2022
Путин мыйзамсыз жүргөн мигранттарга катуу чара көрүүгө чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0