Маңдайын жарып, сулата тээп. Шевченконун атаандаштарын "чөгөлөткөн" видеосу

Жазылуу
Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) уюму кыргызстандык мушкер Валентина Шевченконун буга чейинки аттандаштарын кантип жеңгенин көрсөткөн видеолордун топтомун жарыялады.
Шевченко учурда UFC уюмунун жеңил салмактагы категориясы боюнча чемпиону. Ал 2018-жылдан бери чемпиондук макамын коргоп келе жатат. Бул аралыкта алты жолу беттешке чыгып, биринде дагы жеңилген эмес.
Кыргызстандык мушкер ушул жекшембиде, 12-июнда, Сингапурдагы UFC турниринде бразилиялык спортчу Таила Сантос менен күч сынашат.
Тема боюнча:
Ысык-Көлдөгү кадрлар камтылган. Шевченконун беттеш алдындагы ролиги жарыяланды
Валентина Шевченконун сүрү. Тайла Сантос менен көз караштар таймашынын видеосу
UFC Кыргызстан жана Валентина Шевченко тууралуу видео жарыялады
Жаңылыктар түрмөгү
0