Түрк инвесторлору Кыргызстандагы эки компанияга 50 млн. доллар салууга даяр

© Sputnik / Жоомарт УраимовДоллар жана Кыргызстан желеги. Иллюстративдик сүрөт
Доллар жана Кыргызстан желеги. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2022
Жазылуу
Жергиликтүү эки ишкананын кызматкерлеринин санын эки миң адамга жеткирүү пландалууда.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Түрк инвесторлору "Кадамжай сурьма комбинаты" ишканасы менен "Хайдаркен сымап" акционердик коомун калыбына келтирүүгө 50 миллион доллардан ашык инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу Тоо-кен металлургия профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев кабарлады.
Маалыматка караганда, "Дува-Таш" ишканасы бул ишканалар менен кызматташууну жандантып, өндүрүштүк цехтерди калыбына келтирүү иштери башталды. "Ак-Таш" жана "Алтын-Жылга" кендерин биргелешип иштетүү боюнча келишим түзүлүп, эмгек акы жана милдеттүү мамлекеттик төгүмдөр боюнча карыздар төлөнүүдө.
Ишкананын башкы директору Малик Юсайдын айтымында, Айдаркендеги сымап комбинатынын шахтасынан сууну сордурууга атайын насостор тапшырылып, кычкылтек цехинде, асфальт-бетон заводунда, сурьма комбинатынын кичи ГЭСинде иштер жүрүп жатат.
Инвесторлор ишканалардын мейманканаларын, санаторийлерди капиталдык ремонттон өткөрүүгө, тигүү цехтерине, запастык тетиктерди жана жабдууларды чыгарууга, айыл чарба өндүрүшүнө инвестиция тартууну пландаштырууда. Мында кызматкерлердин саны эки миңге жетери кошумчаланды.
Камбар-Ата-1 ГЭСи курулчу аймак - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2022
Камбар-Ата-1 ГЭСи: курулушка даярданууга бюджеттен 1,5 млрд. сом бөлүнөт
Жаңылыктар түрмөгү
0