Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек жаан учурда
Бишкек жаан учурда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2022
Жазылуу
13-июнга караган түнү өлкөнүн айрым райондорунда жаан-чачын жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар түшүп, айрым райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Таласта +23...+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27...+32, Ысык-Көл менен Нарын аймагында +19...+24 градус болору айтылды.
Бишкек, Ош, Чолпон-Ата шаарларында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +27...+29, Ош калаасында +30...+32, ал эми Чолпон Атада +20...+22 градуска жетет.
Мужчина идет по бульвару Эркиндик в Бишкеке во время дождя. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2022
Жаанчыл болобу? Алдыдагы аптага аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0