Садыр Жапаров Владимир Путинди Россия күнү менен куттуктады

© Sputnik / пресс-служба президента КР / Евгений БиятовМамлекет башчы Садыр Жапаров РФ президенти Владимир Путин менен. Архив
Мамлекет башчы Садыр Жапаров РФ президенти Владимир Путин менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2022
Жазылуу
Жапаров Кыргызстан менен Россиянын достук жана ишенимдүү мамилелерин жогору баалай турганын билдирген.
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров РФ президенти Владимир Путинди Россия күнү менен куттуктады. Бул тууралуу РФтин Кыргызстандагы элчилиги маалымдады.
Жапаров орус элинин көп кылымдык тарыхы, бай жана маданий мурастары мамлекеттик түзүлүштүн бекемделишине жана Россиянын өнүгүшүнө негиз болорун белгилеген.
Ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык принциптерине негизделген достук жана ишенимдүү мамилелерди жогору баалай турганын билдирген.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2022
Жапаров Токаевди референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0