Жапаров: Кыргызстан Кытайга электр кубатын сатууга ниеттенип жатат

© AFP / FABRICE COFFRINIЭлектр зымдары. Архив
Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2022
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстандын электр кубатын сата турган рыногу пайда болорун, бул инвесторлор үчүн өтө маанилүү экендигин айтты.
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстан Кытайга электр кубатын экспорттоого ниеттенип жаткандыгын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Эске салсак, Кыргызстанга россиялык компаниялардын эл аралык көп тармактуу ишкерлер миссиясы келген. Анын алкагында атайын отурум өтүүдө.
Төраганын айтымына караганда, Кытайга электр энергиясын сатуу боюнча өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүүлөр кызуу жүрүп жатат. Жакында мамлекеттик сапардын алкагында Кытай өзүнүн элине саткан баа менен аларга электр кубатын берүү боюнча документке кол коюларын билдирди. Анын бир киловатт-сааты 6-8 цент экендигин айтты. Жапаров аны менен катар эле CASA-1000 долбоорун, өлкө 2004-жылдан тарта электр кубатын 8 центтен берип жаткандыгын эске салды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстандын электр кубатын сата турган рыногу пайда болорун, бул инвесторлор үчүн өтө маанилүү экендигин белгилеген.
Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2022
Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттоону сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0