Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыздар жаан учурунда. Архив
Кыздар жаан учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2022
Жазылуу
15-июнга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. 15-июнда өлкөнүн кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28...+33, Талас жергесинде +25...+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл чөлкөмүндө +22...+27, Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +30...+32, Ошто +32...+34 жана Чолпон-Ата шаарында +23...+25 градуска жетет.
"Бишкек жашыл чарба" ишканасына жумушчулар керек. Шарт-талабы
Бишкек жашыл чарба ишканасынын кызматкерлери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2022
"Бишкек жашыл чарба" ишканасына жумушчулар керек. Шарт-талабы
Жаңылыктар түрмөгү
0