Зыяратчылардын алгачкы тобу ажылыкка сапар алды

© Sputnik / Искандар Аминов / Медиабанкка өтүүАэропорттогу зыяратчылар. Архив
Аэропорттогу зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2022
Жазылуу
Алгачкы топ менен 405 адам кеткен.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Аравия Падышалыгынын Медина шаарына учуп кетти. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, алгачкы топто 405 адам бар экени айтылды. Аларды сегиз ажы башчы жана штаб жетекчиси, дарыгерлер коштоп кетти.
Эске салсак, Сауд Аравиянын (САП) Ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 2 766 орун бөлгөн.
Бишкектеги республикалык мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2022
Курман айттын кайсы күнгө туш келерин болжолдуу айтышты. Муфтияттын билдирүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0