Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Республика боюнча 68 миңден ашык бала 1-класска катталды

© Sputnik / Асылбек БактыбековБилим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2022
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова баланы электрондук тизме аркылуу 1-класска каттоо кызуу жүрүп жатканын айтты.
Быйылкы июнь айынын башына карата республика боюнча 68 391 бала 1-класска электрондук каттоодон өттү. Бул тууралуу Айнура Кусеинова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Республика боюнча 68 миңден ашык бала 1-класска катталды
Анын айтымында, 9 миңден ашык аскер кызматкерлеринин, мугалимдердин жана кайрылман статусу бар этникалык кыргыздардын балдары жеңилдетилген категория боюнча каттоодон өтүштү.
"Баланы электрондук тизме аркылуу 1-класска каттоо кызуу жүрүп жатат. Каттоонун биринчи этабы 11-апрелде башталып, 27-июнга чейин созулат. Ал эми экинчи этап 27-июнда башталып, 10-сентябрда соңуна чыгат. Ушул жылдын июнь айынын башына карата республика боюнча 68 391 бала 1-класска катталды. Мындан тышкары, 9 миңден ашык аскер кызматкерлеринин, мугалимдердин жана кайрылман статусу бар этникалык кыргыздардын балдары жеңилдетилген категория боюнча каттоодон өтүштү. Быйыл бул категорияга мугалимдер кирди. Анткени педагогдордун ордун сактап калуу, шарт түзүү каралган. Алар эгер 1-класста окуй турчу баласын өзү иштеген мектепке берүүнү кааласа, анда баланы жашаган жерине карабастан жеңилдик менен биринчи этапта каттай алат", — деди Кусеинова.
Ошондой эле адис мектепке кабыл алуунун экинчи этабында 159 миңден ашык баланын каттоодон өтөрү күтүлүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0