Жума күнгө карата аба ырайы

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОштогу Сулайман-Тоо жан учурунда. Архив
Оштогу Сулайман-Тоо жан учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2022
Жазылуу
17-июнга караган түнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Жума күнү күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
Абанын температурасы Чүйдө +29...+34, Талас өрөөнүндө +27...+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +30...+35, Ысык-Көл облусунда +22...+27, Нарында +21...+26 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +30...+32, Ош шаарында +33...+35, Чолпон-Атада +22...+24 градуска жетери болжолдонду.
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2022
Мээ кайнаткан ысык болобу? Июль айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0