Бишкекте айрым үйлөрдө газ айтылгандан эрте өчүрүлдү. "Газпром" себебин айтты

© AFP / BARBARA SAX Газ оту. Архив
Газ оту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2022
Жазылуу
Компания 20-июндан 20-июлга чейин эскирген газ түтүктөрүнүн жабдуусун алмаштырарын кабарлаган. Борбор калаанын жарымы көгүлтүр отсуз калат.
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" компаниясы айрым үйлөрдө газ эмне себептен айтылган мөөнөттөн эрте өчүрүлгөнүн түшүндүрдү.
Эскерте кетсек, компания 20-июндан 20-июлга чейин эскирген газ түтүктөрүнүн жабдуусун алмаштырарын кабарлаган. Көгүлтүр отсуз кала турган аймак Осмонкул, Лев Толстой, Бейшеналиева, Малышева, Касымалы Баялинов, Журнальная жана Жибек Жолу проспекти менен чектешет. Бирок айрым тургундар газ бүгүн, 19-июнда, өчүрүлгөнүн айтышууда.
"Жаратылыш газын өчүрүү учурунда технологиялык операция жасалып, газдын атмосферага чыгышы менен шартталат. Мындай нерсени шаар ичинде жасоого болбойт. Аталган аймакта газды жашоочулардын өзү жагып түгөтө турган механизм иштелди. Калктын керектөө мөөнөтүн так кесе айтуу кыйын, ошон үчүн айрымдардын газы айтылган убакыттан эрте өчүрүлдү. Компания келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт", — деп айтылат маалыматта
Электр автоматтары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2022
20-июнда Бишкектин айрым бөлүгүндө жарык өчөт. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0